Кыргыз Республикасынын
билим берүү жана илим министрлиги
ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
Математика жана информациялык
технологиялар факультети
БЕКИТЕМИН
ОшМУнун окуу иштери боюнча
проректору, саясий илим.
кандидаты, доц.
_________________ Р. Абазбек
уулу
«______» ______________ 2017-ж.
230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды
техникалык тейлөө”
орто кесиптик билим берүү боюнча
негизги билим берүү программасы
Квалификация -
техник
Окутуунун түрү: күндүзгү
2017–18-окуу жылы
Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар
факультетинин 230110 “Техникалык
эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”
багыты боюнча орто кесиптик билим берүүнүн (ОКББ) негизги кесиптик билим берүү
программасы (НКББП) Мамлекеттик билим берүү стандартынын Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы аныктаган тартипте
башкы ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан
иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилген.
(Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы (30- апрель 2003-жыл №
92), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакцияларында 28- декабрь 2006-жыл
№ 225, 31-июль 2007-жыл № 111, 31-июль 2007-жыл № 115, 20-январь 2009-жыл № 10,
17- июнь 2009-жыл № 185, 15-январь 2010-жыл № 2, 13-июнь 2011-жыл № 42,
8-август 2011-жыл № 150, 29-декабрь 2011-жыл № 255, 23-август 2011-жыл № 496,
29-май 2012-жыл № 347, 30-июль 2013-жыл №176, 15-сентябрь 2015-жыл №779/1, ОшМУ
Бюллетендери №3, №4, №5, №6, №9, №18, №33).
НКББП билим берүү программасынын максаттарын, окутуунун натыйжаларын, билим берүү процессинин реализациялоо
технологияларын жана шарттарын, ушул багыт боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун
баалоо сапатын жана төмөнкүлөрдү өз ичине камтуу менен: окуу план, окуу
курстарынын жумушчу программалары, предметтери, дисциплиналар (модулдар),
студенттерди даярдоо сапатын камсыздаган
жана башка материалдар, андан сырткары окуу календардык график жана
тиешелеш билим берүү технологиясын
реализациялоону камтыган методикалык материалдарды регламенттештирет.
Каралып жаткан НКББПдагы атоолор (терминдер), аныктамалар, белгилөөлөр, кыскартуулар
Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү жаатында белгиленген тартипте кабыл алынган эл аралык документтерге жана НКББПга ылайык төмөнкү атоолор жана аныктамалар пайдаланылат.
Кыскартуулар жана белгилөөлөр
Мамлекеттик билим берүү стандартында, НКББПда төмөндөгү кыскартуулар жана белгилөөлөр колдонулат:
МББС – Мамлекеттик билим берүү стандарты;
ОКББ – орто кесиптик билим берүү;
НКББП – негизги кесиптик билим берүү программасы;
ОН – окутуунун натыйжалары;
ОУК – окуу-усулдук кеңеш;
НКББП ДЦ – негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын цикли;
ЖИК – жалпы илимий компетенциялар;
АК – аспаптык компетенциялар;
КК – кесиптик компетенциялар;
СИЖМК – социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар.