ИСТОРИЯ КОЛЛЕДЖА

Колледждин тарыхы

Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен ректордун 2020-жылдын 28-февралдагы №7 протоколунун негизинде STEM инновациялык колледжи түзүлгөн. Колледждин директорлугуна профессор К.Кожобековдун буйругунун негизинде философия илимдеринин кандидаты, доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна дайындалган.

Профессионалдык дисциплиналар бɵлүмү.

2020- жылы Профессионалдык дисциплиналар бөлүмү түзүлүп, бөлүм башчылыкка география илимдеринин кандидаты, доцент Сатыбалдиев Байсал Салиевич дайындалып, азыркы учурга чейин жетектеп келүүдɵ.

Адистештирилген дисциплиналар бɵлүмү

2020-2021 окуу жылы үчүн жалпысынан окутуучуларды комплектация жүрүп, техникалык дисциплиналар цикли түзүлүп, жетекчиликке техника илимдеринин кандидаты, доцент Султанов Саит Кожонович дайындалган. 2022-жылы Техникалык дисциплиналар предметтик циклы Адистештирилен дисциплиналар бөлүмү болуп өзгөрүп, бөлүм башчы кызматка бөлүмдүн окутуучусу Маразаков Шавкат Адылбекович дайындалып жетектеген. Ал эми 2023-жылы Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн бөлүм башчысы болуп бөлүмдүн окутуучусу Кубатов Нурлан Кушбакович дайындалып бөлүмдү жетектеп жатат.

Информациялык технологиялар бөлүмү

2022-жылдын 26-август айында №3200-ФХД/22 буйругунун негизинде “230110 Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” билим берүү программасы STEM инновациялык колледжинин курамына которулуп келген. Сатаров Арзымат Эминовичтин жетектеп келүүдɵ.

Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклы

Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу 2022-жылдын 26-август айында №3200-ФХД/22 буйругунун негизинде STEM инновациялык колледжинин курамына «Информациялык технологиялар» аталыштагы бөлүмдүн курамында которулуп келди. Циклды Шакиров Кылычбек Курбанбекович жетектеп келүүдө.