История ПЦК

      ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен ректордун 2018-жылдын 30-августундагы №804 буйругунун негизинде, математика жан информациялык технологиялар факультетинин 230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”, финансы-юридикалык колледжинин 230109 “Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системаларынын программалык жабдылышы”, Исскуство факультетинин 070602 “Дизайн”, Физика-техника факультетинин 130503 “Мунай жана газ чыккан жерлерди пайдалануу жана иштетүү” орто кесиптик билим берүү программалары индустриалдык-педагогикалык колледжинин курамына өткөрүлүп, бул адистиктер үчүн “Техникалык адистиктер” бүтүрүүчү кафедрасы уюштурулган жана кафедра башчысы болуп, ф.м.-и.к., доцент Сатаров Арзымат Эминович дайындалган.

      2020-жылдын 1-сентябрдан баштап “Техникалык адистиктер” кафедрасы “Техникалык дисциплиналар” предметтик циклдык комиссиясы (ПЦК) болуп өзгөртүлгөн. Бүгүнкү кундө Техникалык дисциплиналар предметтик циклдык комиссиясынын төрагасы Сатаров Арзымат Эминовичтин жетекчилиги астында “230110 Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” билим берүү программасы ПЦКдагы компетенттүү ПО курам тарабынан реализацияланууда.

      Учурда ПЦКда 17 ПО курам (штаттык) жана бир нече окутуучу, доценттер айкалыштырылган кызматта (совместитель) эмгектенишүүдө.