ПИСЬМО ДИРЕКТОРА

Урматтуу замандаш! Биз салттуу билим берүүнү айкалыштырып, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине чыктык. STEM инновациялык колледжи сапаттуу билим, жаңы технологияны колдонуу менен мыкты адис болууга, келечектеги максатыңызга жетүүгө көпүрө болуп берет деген ишеничтебиз. STEM билим берүү технологиясынын пайдалуу жактары:

1. Илим

2. Технология

3. Инженерия

4. Математика


1. Студенттердин жөндөмдүүлүгүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүү.

STEM жөндөмдөрдүн жана чыгармачылыктын жакын шериги жана биргеликте жаңы идеяларды жана инновацияларды жаратуучу. Аларсыз санариптик окутуунун акыркы абалдарын да үйрөнүүгө мүмкүн болбой калмак. Бул технологиялар болсо, адамдын акылы менен жетүү мүмкүн экенин билген адамдар тарабынан түзүлгөн.

2. Туруктуулугун бекемдөө үчүн:

STEM билим берүү иш-чараларынын жүрүшүндө студенттер бир эле нерсени кайра кайра жаасоого мүмкүнчүлук алуу менен коопсуз чөйрөдө үйрөнүүгө шарт түзүлөт. STEM билим берүү студенттердин окуу процессинин бөлүгү катары андагы каталарын кабыл алууга мүмкүндүк берет жана каталардын ийгиликсиз экендигине студент өзү баалап андан ары аларды аны ишке ашырууда ишеним артырат, ката кетирүү акыры ийгиликке алып келүүнүн жараянынын бир бөлүгү болуп саналат.

3. Эксперимент жасоого үндөйт:

Тобокелдикке баруу же эксперименттер болбосо, ондогон жылдардан бери акыркы эки жылда пайда болгон технологиялык жетишкендиктер мынчалык коп болмок эмес. Бул технологиянын жаңылыктарынын башаты “Кел жасап көрөлүчү” деген тобокел фразалар менен башталган.

4. Топто иштөөгө үндөйт:

STEM билим берүүдө ар түрдүү жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон студенттердин командада чогуу иштешет жана ар андай көйгөйлөрдү, эсепке алуу маалыматтарды, отчетторду жазуунун жолдорун биргеликте табууга түрдүү катаал шарттарга карабай ынтылышат.

5. Билимди колдонууга үндөйт:

STEM билим берүү системасында, студенттер, чыныгы дүйнөдө жашоону үйрөнүшөт жана алардын үйрөнүүгө ынтызаарлыгын өнүктүрөт. Алар жумушка киргенде кабыл алган жөндөмдүүлүктөрүн жаңы милдеттерди аткарууда колдонушат, жана алар жакшы шарттарды жаратат.

6. Техниканы пайдаланууга чакырат:

STEM балдарга технологиянын күчү тууралуу үйрөтөт. Ошентип,окуучулар жаңы технологияларды жолуктурганда коркунучтуу болуп көрүнгөн ордуна, аларды кабыл алууга даяр болот. Бул дүйнө барган сайын технологиянын заманы болуп бара жатат, дүйнөлүк аренада турмушту алып кетүүгө чоң жардам берет.

7. Көйгөйлөрдү чечүү аркылуу окутуу:

STEM билим берүү, алардын критикалык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн колдонуп, маселелерди кандай чечүүнү студенттерге үйрөтөт. Тажрыйба үйрөнүүшөт, окуучулар маселелерди карап, анан аларды чечүү үчүн план түзүү менен дагы эмне кылуу керектигин талкуулашат.

Колледж 10 адистик боюнча кадрларды даярдоого багытталган жана бүтүрүүчүлөрү төмөндөгү мекемелерде иштөөгө мүмкүнчүлүктөргө ээ:

100201 – “Туризм” – туризм жана мейманкана тармагында, туристик фирмаларда, котормочу, гид, экскурсовод ж.б.

120101 – “Колдонмо геодезия” - госрегстр, архитектура жана жерге жайгаштыруу, курулуш, жол куруу, көпүрө куруу, айыл өкмөттө, токой чарбаларында, ӨКМ (МЧС) ж.б.

140212 – “Электр менен жаб дуу (тармактар боюнча) - техник - электрик - Ош электро ААК, Ош ЖЧЕТ(ПВЭС), ЖЭБ (ТЕЦ), РЭТ (РЭС) ж.б.

190604 Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо – техник-механик – автомобиль дерди тейлөөчү жана оңдоочу мекемелерде (СТО) .

200403 Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо ” техник - ооруканаларда, поликлиникада, стоматологияда, медициналык аппараттарды оңдоочу жайларда.

118001 Ветеринария - мал чарбачылыгында, эт жана сүт азыктарын көзөмөлдөөчү станцияда, илим изилдөө мекемелеринде ж.б.

190503 – “Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча)” – техник-электромеханик - транспортторду оңдоочу жан диагностикалоочу мекемелеринде (автосервис, СТО).

220206 - “Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (тармактар боюнча).

230701 – “ Колдонмо инфарматика (тармактар боюнча).

230110 – “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компютердик тармактарды техникалык тейлөө”

Урматтуу студент болууну кыялданган замандаш! Куттуу окуу жайыбызга тапшырып, илим-билим чөйрөсүнө аралашып, жаңыча көз карашты калыптандырып, өзүңөрдү ар тараптан өнүктүрүүнү максат кылсаңыз STEM инновациялык колледжинин эшиги сиз үчүн ачык. Биздин колледжде жаштыктын деми менен көкүрөккө батпаган идеялардын үстүндө иштеп күн сайын изденүүнүн үстүндө жүрүп, убакытты туура пайдаланып, ийгилик формуласын жаратасыңар деп үмүттөнөм!

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү 442.

Байланыш телефондору: 0224 010109, 0772 29 02 18.

Байланыш үчүн 0776060815

E-mail: oshmu.stem@gmail.com

Сиздерди терең урматтоо менен STEM инновациялык колледжинин директору, философия илимдеринин кандидаты доцент:

Абдылакимова Бегайым Кенжематовна!