новости

STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн 111207 "Ветеринария" жана 100201 "Туризм" адистиктери 2029 - жылга чейин 5 жылга аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

документ

Ош мамлекеттик университети менен Москва мамлекеттик геодезия жана картография университеттеринин ортосунда кош дипломдуулук ишке ашат.



2022-жылдын 13-декабрь күнү Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин эл аралык иштер боюнча проректору Светлана Шведова, Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, «Чек арасыз билим» академиялык мобилдүүлүк платформасынын түзүүчүсү жана долбоорунун координатору Инна Пономарева, геодезисттердин эл аралык ассоциациясынын мүчөсү, профессор Владимир Голубев, картография факультетинин деканы Глеб Загребин ОшМУга иш сапары менен келишти. Аталган иш-чарага STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигине сабак берген окутуучулар жана студенттер катышышты. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Илимий-практикалык конференция

2025-жылдын 10-октябрь күнү Ош технологиялык университетинде физика-математика илимдеринин доктору, профессор, А. Эйнштейн атындагы Эл аралык энергетика академиясынын академиги, Россиянын Табигый илимдер академиясынын мучо-корреспонденти, Эл аралык маалыматташтыруу академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим беруусунун мыктысы жана эмгек синирген кызматкери - Сатыбаев Абдыганы Джунусовичтин 70 жылдык маарекесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп отту. Конференцияга STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Г.Токторбаева катышып, доклад окуду.

2023-жылдын 3-февралында STEM инновациялык колледжинин “Профессионалдык дисциплиналар” бөлүмүнүн Колдонмо геодезия адистигинин жумуш берүүчүлөрү менен ачык талкуу болду. Жолугушууга келген ишканалар:
-Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Төлөнөв Абдисайит Мойденбекович,
-Кара-Суу Архитектурасынын инженер-геодезисти Тургунбаев Турсунбек,
-Ноокат райондук шаар куруу жана арихитектура боюнча башкармалынын жетекчиси Сулайманкулов Сайпжан Айтмаматович,
-Кадастр мамлекеттик мекемеси Ноокат филиалынын жетекчиси Турдубаев Мамадияр главный специалист,
- Эмаком курулуш компаниясынын инженер геодезисти Нурматов Толкунбек Абдусаттарович болду.
Ачык талкууга колледждин жетекчилиги,окутуучулары менен ишканалардын жетекчилери адистиктин окуу программасы менен таанышып өз ойлорун айтып талкуулашты.

2023-жылдын 16-январда ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигиндеги окутуучуларга жана студенттерге конок лекция болуп өттү. Лектор Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Матраимов Надир Раимкулович болду. Агай өз сабагында геодезия адистигинин бүгүнкү абалы, келечеги жана актуалдуу маселелери боюнча сабак өтүп, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Мындан ары өз ара тажрыйба алмашуу боюнча иш чараларды уюштуруу пландаштырылды.

2023-жылдын 16-январда ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигиндеги окутуучуларга жана студенттерге конок лекция болуп өттү. Лектор Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Матраимов Надир Раимкулович болду. Агай өз сабагында геодезия адистигинин бүгүнкү абалы, келечеги жана актуалдуу маселелери боюнча сабак өтүп, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Мындан ары өз ара тажрыйба алмашуу боюнча иш чараларды уюштуруу пландаштырылды.

2022-жылдын 12-декабрында ОшМУда колледждердин окутуучулары үчүн ednet боюнча семинар болду. Аталган иш чарага STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары катышып келишти.

9-декабрь күнү STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн Геодезия адистигине сабак берген окутуучулар менен кезектеги чогулушу болуп өттү. Бүгүнкү чогулуштун максаты аккредитациядан өтүүгө даярдыктарды талкуулоо.

Конок лекция

2022-жылдын 9-декабрь күнү STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплиналар циклынын, ветеринария бөлүмүндө кезектеги конок лекция болуп өттү. Конок лекцияны, ветеринария бөлүмүнүн башчысы доцент А.Халмурзаевтин атайын чакыруусу менен, ТТАТФ нин Ветеринардык медицина кафедрасынын мугалимдери ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Карыпов К, окутуучу, жаныбарлардын эхинококкоз ылаңы боюнча адис Исаев М, студенттер Рыскулбеков Э жана Уразбаев М менен чогуу, ветеринария бөлүмүнүн студенттерине жаныбарлардын “Актинамикоз” жана “Эхинококкоз” ооруулары туурасында кеңири маалымат беришти. Бөлүмдүн студенттери кызыгуу менен кабыл алышып, көптөгөн суроолоруна жооп алышты. Конок лекция студенттерде жогорку кызыгууну жаратты жана бул саамалык апта сайын студенттер тарабынан даярдалып, жаныбарлардын ар түрдүү жугушсуз жана жугуштуу ооруулары талкууга алынып, алар менен күрөшүу иш чаралары да каралмакчы. Профессионалдык дисциплиналар цикл жетекчиси Сатыбалдиев Б.С. студенттер менен кызыктуу иш чарада чогуу болду.

“УСТАТ -ШАКИРТ” ИШ ЧАРАСЫ

2022-жылдын 02-декабрында, Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин , профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн, ветеринария адистик бөлүмүнүн окутуучулары доцент Халмурзаев А, Н. Калинникова тарабынан “Устат-Шакирт” багытындагы конок лекциясы өткөрүлдү. Жолугушууда коллеждин бүтүрүүчүсү, ОшМУ нун ветеринардык медицина кафедрасынын 3- курсунун студенти, Рыскулбеков Эрболот, коллеждин бүтүрүүчү курсунун студенти Уразбаев Максат, коллеждин 1-2- курстарынын стундеттери менен кесиптик темадагы пикир алмашуу өткөрүшүп, студенттер үчүн STEM инновациялык колледжи, ОшМУ тарабынан жеткиликтүү билим алуу жана практикалык иш тажрыйбаларды өздөштүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан колдоолор туурасында кеңири баяндама жасап беришти. ОшМУ нун жетекчиилиги тарабынан 2020-жылдан бери коллеждин алдыңкы студенттери, Ысык Көл областынын Каракол шаарындагы “Эковет” ветеринардык клиникасынан практикадан өтүү менен, көптөгөн жаныбарларга көрсөтүлүүчү дарылоо иштерин ийгиликтүү үйрөнүп келишүүдө. Ири мүйүздүү малдардын ашказанына жасалуучу операциялар, кой-эчкилердин, музоолордун баш мээсине (ценуроз ооруусу учурунда), эхинококкоз ооруусу менен күрөшүүдөгү, ит мышыктарды кастрациялоо, стерилизациялоо ж.б. көптөгөн хирургиялык, терапевтикалык жана алдын алуу иш чараларын тез аранын ичинде өздөштүрүп келишип, коллеждин студенттерине үйрөтүшүүдө. Жолугушуу абдан кызык маанайда өтүп жаш студенттер көптөгөн суроолоруна жооп алышты. Мындай жолугушшуну ар аптанын жума күндөрү такай өткөрүп турууну макулдашышты. Кийинки жолугушууларда 1-2- курстун студенттерин, өздөрү жаныбарлардын ооруулары тууралуу презентация жасоону колго алышаарын билдиришти. Эрболот Рыскулбековко, Максат Уразбаевке кызуу кол чабуулар менен ыраазычылктарын билдиришти. Э.Рыскулбеков 10- декабрь, жаш студенттерди ишемби күнү Табият таануу жана арготехнологиялар факультетинин, ветеринардык медицина кафедрасында койлордун ценуроз ооруусуна жасала турган операцияга келип катышып кетүүнү сунуштап кетти. Коллеждин студенттери барып катышмай болушту.

STEM инновациялык колледжиндf конок лекция

2023-жылдын 28-ноябрында STEM инновациялык колледжинде конок лекция болуп өттү. Лектор "Vertex Gold Company" ("Вертекс Голд Компани") ЖЧК компаниясынын инженер геодезисти Жураев Абдусаттар Камчиевич лекция өттү. Лекцияга геодезия адистигинин окутуучулары жана студенттери катышып, геодезия сабагындагы инструменттерди колдонуу ыкмаларын практика жүзүндө көрсөтүп берди. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алды.

2023-жылдын 20-февралында “Колдонмо геодезия” адистигинин студенттеринин ата-энелерине колледж тарабынан чогулуш уюштурулду.Чогулуштун журушундо ата-энелер тарабынан коптогон ыраазычылык айтылды. Ата-энелер чогулушунда болум башчы жана кураторлор соз суйлошту.Ошондой эле ата-энелерге студенттердин окуу графиги менен жалпы тааныштырып, студенттер сабактарын калтырбай толук катышуусун эскертти.Чогулушта колледждин окутуучусу Токтосунов Жумаш агай соз суйлоп, созундо студенттер сабактарга активдуу катышып жатканын мындан дагы ар бир сабакты калтырбай келуусун айтты. Ата-энелер чогулушун студенттердин ар тараптуу озгочолуктору менен отушту.Чогулушка баардык ата-энелер толугу менен катышып,коллективдин иштерине ийгилик каалап, конулдуу маанайда ыраазы болуп кетишти

Геологиялык музейге экскурсия

ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин студенттери геологиялык музейге таанышуу экскурсиясына барышты

Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмү тарабынан Геодезия адистигинин студенттери үчүн тажрыйбалык-экскурсиялык иш-чара уюштурулду. Ага бөлүм башчысы Сатыбалдиев Б., ошондой эле окутуучулар Ногойбаева Р., Абдымомунова Б., Садыкбекова А. жана Низамиева З. коштоп катышышты.

Студенттер Ош шаарындагы геологиялык музейге барып, Кыргызстан аймагындагы тоо тектеринин түрлөрү, минералдык байлыктардын тарыхы, алардын практикалык колдонулушу жана тектоникалык процесстер тууралуу терең маалымат алышты. Музей кызматкерлери жер кыртышынын түзүлүшү, минералдардын классификациясы жана геологиялык изилдөөлөрдө колдонулуучу аспаптар тууралуу кызыктуу баяндамаларды сунушташты.

Бул экскурсиянын максаты — студенттердин теориялык билимин практикалык маалыматтар менен бекемдөө, минералдык-геологиялык объекттерди жеринде таанып-билүү жөндөмүн калыптандыруу жана келечектеги адистикке болгон кызыгуусун арттыруу болду.

Иш-чара студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, геодезия жана геология тармактарына болгон түшүнүктөрүн тереңдетти.

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3 Картинка 4 Картинка 5 Картинка 6

Сапардан баян

Окутуучулар лабораторияда

2025-жылдын 29-август күнү ОшМУнун, ОшТУнун жана КР УИА ТБ ЖБИнин окутуучулары Гүлбара Осекова, Санайым Тажикбаева, Анарбай к. Сажида жана Гүлсүн Токторбаевалар Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун аккредиттелген санитардык-гигиеналык лабораториясына барып келишти. Сапардын жүрүшүндө заманбап илимий жабдуулар жана жаңы технологиялар менен таанышып, алардын иштөө принциптери боюнча практикалык билимдерге ээ болушту. Айрым эксперименталдык жана компьютердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары аталган лабораториянын шарттарында текшерилип, верификациядан өткөрүлдү. Бул сапар илим изденүүчүлөр үчүн теориялык билимди практикада бекемдөөгө, жаңы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жана тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө түздү.

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3 Картинка 4

Эл аралык илимий-практикалык конференция

Сатыбаев Абдыганы Джунусовичтин 70 жылдыгы

2025-жылдын 10-октябрь күнү Ош технологиялык университетинде физика-математика илимдеринин доктору, профессор, А. Эйнштейн атындагы Эл аралык энергетика академиясынын академиги, Россиянын Табигый илимдер академиясынын мучо-корреспонденти, Эл аралык маалыматташтыруу академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүү усунун мыктысы жана эмгек синирген кызматкери - Сатыбаев Абдыганы Джунусовичтин 70 жылдык маарекесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп отту. Конференцияга STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Токторбаева Гүлсүн катышып, доклад окуп келди.

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3 Картинка 4

Спорттук оюндардын таймашы

STEM инновациялык колледжи

2025-жылдын 25-сентябрь күнү STEM инновациялык колледжинде ПЦК, бөлүмдөр арасында спорттук оюндардын таймашы болуп өттү. Таймашта оюндун волейбол түрү боюнча Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн эжекелери 1-орунду камсыз кылышты.

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3

Эл аралык илимий-практикалык конференция

Жаманбаев А.С атындагы ИА, Ош шаары

17.10.2025-жыл. Ош шаарындагы Жаманбаев А.С атындагы ИА тарабынан уюштурулган «ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ ТАЛААСЫНДА КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО ошондой эле ЖАРАТЫЛЫШЫ РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУДАГЫ ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА АЛАРДЫН ӨЛКӨНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ РОЛУ» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп отту. Конференцияда мыкты баяндамасы учун Токторбаева Гулсун Полотовна 2-даражадагы диплом менен сыйланды.

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3 Картинка 4 Картинка 5 Картинка 6

Жогорку денгээлдеги семинар

ОшМУ, 22.10.2025-ж.

22.10.2025-ж. ОшМУ тарабынан уюштурулган алдынкы тажрыйбаны жайылтуу боюнча жогорку денгээлде семинар отулду. Семинарга Ногойбаева Райхан, Мурзалиева Наргиза жана Токторбаева Гулсун Полотовналар катышышты. Семинарда долбоорлор менен кантип иштоону жана студенттерге күнүмдүк досканы колдонбой заманбап планшетти колдонуунун артыкчылыктары боюнча маалымат алышты.

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3 Картинка 4 Картинка 5 Картинка 6

ОшМУнун STEM инновациалык колледжинде туризм куну белгиленди

Ош облусу, Алай району, Көлдүк айылы — 27-сентябрь

22.10.2025-ж. ОшМУ тарабынан уюштурулган алдынкы тажрыйбаны жайылтуу боюнча жогорку денгээлде семинар отулду. 27-сентябрь — Эл аралык туризм күнүнө карата ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин туризм адистигинин студенттери үчүн Алай районунун Көлдүк айылындагы кооз Көлдүк көлүндө атайын иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чараны Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Б.С. жетектеп, окутуучулар Абдиев Б., Асанбеков Э., Орунбаев М. активдүү катышышты. Алар студенттер үчүн ар түрдүү практикалык тапшырмалар, оюн-зоок элементтери жана маалыматтык-тааныштыруучу иш-аракеттерди уюштурушту

Иш-чаранын негизги максаты — туризм багытында билим алып жаткан студенттердин практикалык тажрыйбасын тереңдетүү, аймактын табигый өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу жана Алай өрөөнүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу болду.

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3 Картинка 4 Картинка 5 Картинка 6

Келечектин окумуштуулары

Оштогу Россия үйүндө “Келечектин окумуштуулары” аттуу эл аралык долбоор өттү

22.10.2025-ж. ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары эл аралык байланыштын негизинде, Оштогу Россия үйүндө «Келечектин окумуштуулары» эл аралык долбоорунун алкагында россиялык изилдөөчүлөрдүн илимий-агартуу лекцияларына катышты.

Иш-чарага 100дөн ашык окуучулар, студенттер, мугалимдер жана окутуучулар катышты. Алардын катарында Ош шаарындагы 10 орто мектептин жана 3 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү болду.

Долбоордун алкагында жалпы билим берүүчү жана табигый-илимий предметтер боюнча интеллектуалдык викторина өткөрүлдү. Логикалык суроолор жана дүйнө таанымга байланышкан тапшырмалар өзгөчө кызыгуу жаратты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан эстелик белектер тапшырылды. Ошондой эле студенттер жана ЖОЖдордун окутуучулары климаттын глобалдык өзгөрүүлөрү тууралуу лекция угушту. Аны физика-математика илимдеринин кандидаты, климаттык системалар физикасы лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери Елена Харюткина жүргүздү. Тил илиминин багытындагы «Арктиканын лингвистикалык лабораториясы» аттуу эл аралык изилдөө борборунун жетектөөчү илимий кызматкери, М. К. Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин өкүлү Нинель Малышева түрк элдеринин иденттүүлүгү жана якут-кыргыз тилдик байланышы боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунуштады.

Ошондой эле студенттер жана ЖОЖдордун окутуучулары климаттын глобалдык өзгөрүүлөрү тууралуу лекция угушту. Аны физика-математика илимдеринин кандидаты, климаттык системалар физикасы лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери Елена Харюткина жүргүздү.

Тил илиминин багытындагы «Арктиканын лингвистикалык лабораториясы» аттуу эл аралык изилдөө борборунун жетектөөчү илимий кызматкери, М. К. Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин өкүлү Нинель Малышева түрк элдеринин иденттүүлүгү жана якут-кыргыз тилдик байланышы боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунуштады.

Долбоор А. С. Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институту тарабынан Россиянын Билим жана илим министрлигинин, РФ ТИМинин, «Россотрудничество» уюмунун жана Наука.рф порталынын колдоосу менен ишке ашырылууда. ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин окутуучулары жана студенттери да катышты. Алар: бөлүм башчы Сатыбалдиев Б.С., окутуучулар Абдымомунова Б, Даминова Г., Ногойбаева Р., Низамиева З, Сейдалиева Г., Осмонова А., Садыкбекова А., Абдукадырова У., Токторбаева Г., Байназарова Н., Мурзалиева Н., Сулайман кызы Батма, Садык кызы Ыкыбалбү, Аманбай кызы Айсулуу активдүү катышты.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга эл аралык «Келечектин окумуштуулары» долбоорунун сертификаттары жана эскерүү белектери тапшырылды

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3 Картинка 4 Картинка 5 Картинка 6