30-март күнү STEM инновациялык колледжинин информациялык-коммуникациялык
дисциплиналар циклынын окутуучулары Өзбекстан Республикасынын Андижан
мамлекеттик университетине расмий сапар менен барышты. Сапардын алкагында
төмөнкү иш-аракеттер жүргүзүлдү:
-
Университеттин окуу корпустары, лабораториялары жана IT борборлору
менен таанышуу.
-
Профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуу, өз ара тажрыйба
алмашуу.
-
Окутуунун инновациялык методдору, санариптик билим берүү системасы
жана жаңы технологияларды сабакка киргизүү боюнча презентациялар.
-
Мындан аркы кызматташтык багыттарын талкууланды:
-
биргелешкен долбоорлор;
-
академиялык мобилдүүлүк программалары;
-
окутуучулар жана студенттер үчүн стажировкалар.
Андан соң делегация Андижан IT паркынын инновациялык хабы менен таанышты.
Бул жерде:
-
IT долбоорлорду колдоо механизми, стартаптар үчүн шарттар,
-
жаш ишкерлерди өнүктүрүү программалары,
-
заманбап технологияларды окутуу лабораториялары
тааныштырылды.
Сапар жогорку деңгээлде уюштурулуп, төмөнкү жыйынтыктарга жетишилди:
-
Окутуучулар маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча жаңы
тажрыйбага жана билимдерге ээ болушту.
-
STEM багытындагы инновациялык окутуу методдору жана санариптик
инфраструктура менен жакындан таанышты.
-
Андижан мамлекеттик университети менен биргелешкен кызматташтыкты
өнүктүрүү боюнча алдын ала макулдашуулар түзүлдү.
-
IT парк менен байланыш белгиленип, студенттер үчүн стажировка жана
тренингдерди уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
-
Академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө жол ачылды.
Бул сапар окутуучулардын кесиптик потенциалын жогорулатууга, билим берүүнүн
сапатын жакшыртууга жана эл аралык деңгээлде билим берүү мекемелери менен
кызматташууну күчөтүүгө чоң жардам берди. STEM инновациялык колледжи менен
Андижан мамлекеттик университетинин ортосундагы мамиле мындан ары да
тереңдеп, биргелешкен программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
ИКД циклынын окутуучусу Молдалиева Жазгүл Курманбековна 2025жылдын
3-декабрынан 6-декабрна чейинки күндөрдө
Фергана мамлекеттик техникалык университетинде академиялык мобилдүүлүк
алкагында профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуу, өз-ара тажрыйба
алмашуу максатында барып келди.
ИКД циклынын окутуучусу Молдалиева Жазгүл Курманбековна 2025жылдын
3-декабрынан 6-декабрна чейинки күндөрдө
Фергана мамлекеттик техникалык университетинде академиялык мобилдүүлүк
алкагында профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуу, өз-ара тажрыйба
алмашуу максатында барып келди.