Академиялык мобилдүүлүк

Эл аралык байланыштар бөлүмү (ЭаББ) - Ош мамлекеттик университетинин тышкы жана ички алакаларын тескеген түзүм. Ал 1996-жылы октябрь айында ачылып, бүгүнкү күнгө чейин университеттин дипломатиялык саясатын жүргүзүп келүүдө. Чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖОЖдор, эл аралык уюмдар, программалар, фонддор, өкүлчүлүктөр менен мамиле түзүү жана кызматташтык горизонтту кеңейтүү анын негизги милдети болуп саналат. Окуу жайыбыз эки тараптуу кызматташтык келишимдердин, Эразмус+, Мевлана, ДААД, ШКУУ, ITEC, “Ош декларациясы” ж.б. академиялык мобилдүүлүк программаларынын негизинде көптөгөн чет өлкөлүк, ата-мекендик окуу жайлар, эл аралык өнөктөштөр менен иш алып барат. Учурда Кытай, Пакистан, Түркия, Корея, Индия, Япония, Россия, Тажикистан, Өзбекстан, Казакстан, Сомали, Сирия, Ооганстан, Түркмөнстан, Палестина, Малайзия ж.б. өлкөлөрдөн 2500ден ашуун чет элдик студенттер билим алышууда. Дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү 149 жогорку окуу жайдагы илимий жана билим берүү мекемелери менен кызматташат жана алар менен ар кандай эл аралык программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашырууга катышат.

ОшМУнун STEM инновациялык колледжи академиялык мобилдүүлүктүн үстүндө жигердүү иштеп жатат. Башка ЖОЖдордогу студенттерди академиялык мобилдүүлүккө үйрөнүү үчүн төмөнкү шарттар аткарылышы керек:
1) Окуу жайга кат жиберүү Бул жерде катты көрүңүз.
2)Мобилдүүлүк билдирүү. Билдирүүнү бул жерден көрүңүз.

Мындан тышкары:
1. Анкета;
2 Транскрипт;
3. Окуу туралуу келишим;
4. Гарант-кат;
5. Паспорттун копиясы;
6. 3х4 размериндеги сүрөт .

Көбүрөөк маалымат:
Дареги: Ош, ул. Ленин, 331. Кыргыз-Европа факультети, 2-кабат, Эл аралык мамилелер бөлүмү, кеңсе. 203. Контакттар: +996 3222 2-09-97, 0559 03-03-87, 0500 45-71-19, 0772 45-71-19 (WhatsApp), sem.87.90@mail.ru.