2023-2024

Келишимдер

Келишим түзүлгөн ишканалардын тизмеси

Протокол

Кызматташуу үчүн "Мемарандумга" кол койгон ишканалар

2023-жылдын 21-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинин 230701 “Колдонмо информатика” жана 220206 “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырган системалары жана башкаруу” адистиктери мекеме-ишканалар менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. STEM инновациялык колледжи Алай районунун Үч-Дөбө айыл өкмөт, Насирдин Исанов айыл өкмөт, “Мастер Принт” полиграфиялык борбору, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы филиалы, “Кадастр” мамлекеттик иш канасынын Ош шаарындагы филиалы, Бируни IT мектеби, Кара-суу райондук социалдык фонд башкармалыгы, “Тез Тап КейДжи” жарнамалык агенствосу, Кыргыз почтасы ачык акционердик коомунун Кара-Суу райондук филиалы, Мугалим өнүгүү борбору, ЖИ « Эргешов Т» авиакассасы, Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөт, “Азия банк” жабык акционердик коому, “Финка банк” жабык акционердик коому Ош филиалы, “Коммерциялык банк Кыргызстан” ачык акционердик коому Ош филиалы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу иш-чарасында катышуучулар STEM инновациялык колледжинин 230701 “Колдонмо информатика” жана 220206 “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырган системалары жана башкаруу” адистиктеринин НКББПлары менен таанышып, иш берүүчүлөр менен колледждин кызматташуусун, тажрыйба алмашуусун талкуулашты жана меморандумдун жүрүшүндө ОшМУнун жана колледждин миссиясы жазылган таркатма материалдар таркатылды.