Информационный стенд

2022-жылдын 8-инюнунда “Колдонмо информатика (тармактар боюнча)” жана АСОИУ адистиктери үчүн жаңы стандарт иштелип чыккандыгына байланыштуу НКББПна өзгөртүү киргизүү максатында студенттер менен адистиктердин НКББПры талкууланды.

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ- Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 млн.дон ашат.
Бул күнгө карата STEM колледжинин ПИЭс9-4-22(р) тайпасынын студенттери ОшМУнун башкы корпусунда “ОшМУнун студенттери сергек жашоо үчүн” бир айлыгынын алкагында уюштурулган сүрөт көргөзмөгө күбө болушту. Ошондой эле, ВИЧ-СПИДдин алдын алуу, коргонуу жолдору боюнча маалыматтарга ээ болушту.
Азыр медицинада ВИЧ инфекциясынын үч жол менен жугаары белгилүү.Алар: кан аркылуу, жыныстык жол менен, энеден балага. Кыргызстанда акыркы жылдары жыныстык жол аркылуу инфекцияны жуктургандардын саны көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү 20-39 жаш курагындагы жарандар.ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адам менен бир бөлмөдө жашоо,бирдей идиш-аяк колдонуу,чогуу бассейнге түшүү,саламдашуу,кучакташуу таптакыр коркунучтуу эмес.

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ- Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 млн.дон ашат.
Бул күнгө карата STEM колледжинин ПИЭс9-4-22(р) тайпасынын студенттери ОшМУнун башкы корпусунда “ОшМУнун студенттери сергек жашоо үчүн” бир айлыгынын алкагында уюштурулган сүрөт көргөзмөгө күбө болушту. Ошондой эле, ВИЧ-СПИДдин алдын алуу, коргонуу жолдору боюнча маалыматтарга ээ болушту.
Азыр медицинада ВИЧ инфекциясынын үч жол менен жугаары белгилүү.Алар: кан аркылуу, жыныстык жол менен, энеден балага. Кыргызстанда акыркы жылдары жыныстык жол аркылуу инфекцияны жуктургандардын саны көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү 20-39 жаш курагындагы жарандар.ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адам менен бир бөлмөдө жашоо,бирдей идиш-аяк колдонуу,чогуу бассейнге түшүү,саламдашуу,кучакташуу таптакыр коркунучтуу эмес.

STEM инновациялык колледжинин АСс-9-3-21 тайпасынын студенти Хайдарова Айткан Курсанбековна 2023-жылдын 3-6-январында Бишкек шаарында өткөрүлгөн кыздар арасындагы Кыргыз Республикасынын Женил атлетика боюнча ачык биринчилигинде 200 метр аралыгында II-орунду камсыздады. Ал буга чейин, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча бир канча фестивальдарынын катышуучусу жана 2022-жылдын июнь айында Т.Колпаковдун байгесине арналган эл аралык ачык биринчилигинде II-орун камсыздаган. STEM инновациялык колледжинин жалпы эмгек жамаатынын атынан Хайдарова Айткан Курсанбековнага ден-соолук, окууларына ийгилик жана спорттогу бийиктиктерди каалайбыз!

ОшМУ мугалим жана ОшМУ студент тиркемесин пайдаланып ИПКнын студентери жана мугелимдери азыркы учурда автивдүү колдонууда

ИКД циклында эмгектенип жаткан биздин сулуу жана ажарлуу айымдар! Майрамыныздар кут болсун! Ааламдагы бардык жакшылыктарды каалайбыз! Дайыма бар болуңуздар, ишиңиздерге ийгилик!

ИКД циклынын окутуучусу Молдалиева Жазгүл эжекебиз бүгүн,,Основы экономической теории,, предметинен ,,ЗНАТОКИ ЭКОНОМИКИ,, аттуу Интеллектуалдык оюн уюштуруп, студенттердин билимин текшерүү максатында класстан сырткары иш чара өткөрдү.


Индустриалдык-педагогикалык колледжи 25-май күнү Бишкек шаарында болуп өткөн "Артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер" фестивалына катышып келди

230701 "Колдонмо информатика (тармактар боюнча)" жана 220206 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистиктеринин НКББПсын студенттер менен талкулоо

ПИЭ жана АСОИУ адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттери практика учурунда

  Обсуждение ОПОП 2 февраля 2023 года состоялось обсуждение "основы профессиональной образовательной программы" (ОПОП) специальностей АСОИУ, ПИЭ и ТОСВТ. На круглом столе были заведующий отделом информационных технологий А. Э. Саттаров, начальник цикла информационно-коммуникационных дисциплин К. К. Шакиров, преподаватели профессиональных и гуманитарных дисциплин. ОПОП, разработанный на 2022-2023 учебный год, ознакомили руководители программы каждой специальности. В результате преподаватели высказали свои мнения и предложения.

            

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин New stars курама командасы ОшМУнун факультеттери жана колледждер арасында өткөрүлгөн "Тамашоу 2022" конкурсунда 1-орунду ээлеп ректордун кубогуна жана 15000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду

Индустриалдык-педагогикалык колледжинде Артыкчылыктуу адистер жана кесиптер фестивалы болуп өттү. Фестивалга студенттер, окуучулар, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр катышты.

Техникалык адистиктер бөлүмүндө 13-сентябрь программистер күнүнө карата “Бүгүнкү 💻билим-эртенки технология” деген аталыштагы иш чара болуп өттү. Иш чарадага окутуучулар, студенттер жана колледждин бүтүрүүчүлөрү катышты. Иш чараныны жүрүшүндө студенттер арасында “Эмне үчүн IT адистигин тандадым” деген аталышта видео конкурсу жыйынтыкталып женүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Бишкек шаарында 26-февралда шахмат боюнча Москва мамлекеттик университетинин Кубогуна тандоо иретинде өткөн командалык турнирде ОшМУнун командасы I орунду ээледи. Жеңишке жеткен команда 2023-жылдын 14-19-май күндөрү Москвада өтүүчү ММУнун Кубогу – 2023 турнирине Кыргызстандын ЖОЖдорунун атынан катышат. ОшМУнун шахмат боюнча курама командасында шахмат боюнча чебер, дене тарбия факультетинин окутуучусу Ырысбек Алдашукуров, медициналык колледжинин окутуучусу, шахмат боюнча кандидат Нурказы Исираилов, STEM инновациялык колледжинин 3-курсунун студенти Бектемир уулу Кайратбек бар.

Поездка в Узбекистан

Поездка в Узбекистан, г. Андижан. Данное мероприятие было проведено 29 сентября 2023 года, в целях улучшения качества образования и развития международных связей, что благоприятно отразится на дальнейших сотрудничествах ВУЗов: мобильность для студентов, обмен опыта для многоуважаемых преподавателей.

21-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинин 230701 “Колдонмо информатика” жана 220206 “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырган системалары жана башкаруу” адистиктери мекеме-ишканалар менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. STEM инновациялык колледжи Алай районунун Үч-Дөбө айыл өкмөт, Насирдин Исанов айыл өкмөт, “Мастер Принт” полиграфиялык борбору, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы филиалы, “Кадастр” мамлекеттик иш канасынын Ош шаарындагы филиалы, Бируни IT мектеби, Кара-суу райондук социалдык фонд башкармалыгы, “Тез Тап КейДжи” жарнамалык агенствосу, Кыргыз почтасы ачык акционердик коомунун Кара-Суу райондук филиалы, Мугалим өнүгүү борбору, ЖИ « Эргешов Т» авиакассасы, Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөт, “Азия банк” жабык акционердик коому, “Финка банк” жабык акционердик коому Ош филиалы, “Коммерциялык банк Кыргызстан” ачык акционердик коому Ош филиалы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу иш-чарасында катышуучулар STEM инновациялык колледжинин 230701 “Колдонмо информатика” жана 220206 “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырган системалары жана башкаруу” адистиктеринин НКББПлары менен таанышып, иш берүүчүлөр менен колледждин кызматташуусун, тажрыйба алмашуусун талкуулашты.