31-март күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин230701 “Колдонмо информатика” жана
220206- “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана
башкаруу” адистиктеринин НКББПсын талкулоо жана иш берүүчүлөр менен
кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
Индустриалдык-педагогикалык колледжи Ош шаарындагы “Заман” жарнак борбору,
“Арсенал” компьютердик кызмат көрсөтүү, “Программ - менеджер” ишканасы, ААК
филиалынын ош шаардык жылуулук электр борборунун “Коммуникация жана
маалыматтык технологиялар” бөлүмү, “ANSAR” коммерциялык эмес керектөө
кооперативи, “Азия банк” жабык акционердик коому, “Финка банк” жабык
акционердик коомунун Ош филиалы, “Дос- кредобанк” ачык акционердик коому
сыяктуу мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кызматташуу жөнүндө
меморандумга кол коюлду.
Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасында катышуучулар ОшМУнун
алдыңкы тажрыйба борборундагы билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен
таанышып, борбордун келечегин, иш берүүчүлөр менен колледждин
кызматташуусун, тажрыйба алмашуусун талкуулашты.