План УМС




ОшМУнун окуу-методикалык бирикмеси (ОМБ) университеттин алдыңкы илимий-педагогикалык кадрларынан куралып, окуу процессин өркүндөтүү аркылуу кесипкөй адистерди даярдоонун сапатын көтөрүү боюнча окуу-илимий, окуу-методикалык иштерди координациялоочу коллегиалдуу орган болуп эсептелет жана университеттин Окумуштуулар кеңешинин алдында түзүлөт. ОМБ өз ишмердигинде КРнын мыйзамдарын жана башка укуктукнормативдүү актыларын, КР ББжИМдин, университеттин ректорунун, Окумуштуулар кеңешинин чечимдерин, университеттин Уставын жана ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК БИРИКМЕСИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОну жетекчиликке алат.