Ата-энелер менен жолугушуу

2024-жылдын 16-мартында Информациялык - коммуникациялык дисциплиналар циклынын Колдонмо информатика (ПИ) жана Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (АСОИУ) адистиктеринин студентеринин ата-энелери менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Ата-энелер менен жолугушууга Баткен району, Кадамжай району, Чон-Алай району, Алай району, Ноокат району, Кызыл-Кыя шаары, Кара-Суу району, Жалал-Абад областынан жалпысынан 147 ата-эне катышты. Иш-чаранын алкагында ОшМУнун жана STEM инновациялык колледжинин миссиясы тааныштырылып, адистиктердин ННБПлары боюнча баяндамалар жасалды. Андан сырткары Университет менен колледждин сайты жана AVN информациялык системасы, “ОшМУ студент” тиркемеси жөнүндө да маалыматтар берилди. Жолугушуунун соңунда суроо-жооп уюштурулуп, мыкты студенттердин Ата-энелерине “Ыраазычылык каттар” берилди. Иш-чарага STEM инновациялык колледжинин директорунун орун басары Сарыков Рысбек Базарбаевич, Информациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Сатаров Арзымат Эминович катышты.

26.06.2023-жылы Колдонмо информатика жана АСОИУ адистигинде окуган студенттердин ата-энелери менен НКББП талкулоо сунуш пикирлерди угуу максатында жолугушуу болуп өттү.
НКББП программасынын жетекчилери К.К.Шакиров жана А.А.Капарова
- 230701 – “Колдонмо информатика (тармактар боюнча )”, 220206- “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу” адистиктеринин программа жетекчилери 2 адистиктин НКББПнын максаттарын ,окутуу натыйжаларын жана калыптанычуу компетенциялар боюнча маалымат беришти.
Сунуш катары студенттерге окууга шык бере турган жолугушууларды, курсттарды байма-бай өтүлүп турса, практикалык сабактар көбүрөөк өтүлүп, лекциялык сабактар азыраак өтүлсө деген сунуштар айтылды

2022-жылдын 21-май күнү АСОИУ, ПИ адистиктеринде окуган студенттердин ата- энелери менен “Кош келиңиз Ата-эне!” деген темада жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун биринчи бөлүгүндө окуу корпусу, техникалык-материалдык база боюнча жалпы маалымат берилип ата-энелерге экскурция жасалды. Андан соң чогулушта адистиктердин программа жетекчилери НББПны тааныштырып жалпы маалымат беришти, ата-энелер тарабынан түрдүү суроо, ой-пикир, сунуштар айтылып талкуу болду. Колледждин директору окуу планы, окуу процесси, окуу-жай тарабынан уюштурулган шарттар боюнча жалпы маалымат берди.
Жолугушууда ата-энелердин негизги суроо-талаптары төмөндөгүлөр болду:
˗ адистердин эмгек рыногунда туруктуу болушуна басым жасоо;
˗ студенттик жатакааналарда орундарды көбөйтүү;
˗ сабака эркин катышууга уруксат берүү ж.б. маселелердин негизиндеги талкуу, алдыга коюлган максаттар боюнча сунуш пикирлер менен чогулуш аякталды, студенттердин ата-энелерге арнаган чакан концерттик программасы менен жолгушуу жыйынтыкталды.

Сунуш