1. «230110 Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө» адистиги боюнча НКББПнын негизинде студенттерди кесипке сапаттуу даярдоону ишке ашыруу.

2. Окуу процессинде заманбапбилим берүү стратегиясына негизделген жана мамлекеттик стандарттарда белгиленген бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын калыптандырууга мүмкүндүк түзгөн окутуунун инновациялык технологияларын пайдалануу жана жайылтуу.

3. Мамлекеттик стандарттарга ылайык ар бир билим берүү программасы боюнча НКББПны, болочок адистердин кесиптиккомпетенттүүлүгүн калыптандырууга мүмкүндүк түзүүчү окуу планындагы кесиптик дисциплинар боюнча окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу.

4. Компьютердик тармактык технологияларды, практикалык окутуу жайларын максималдуу пайдалануунун ПО курам жана студенттер үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен окутуп-үйрөтүүнүн демонстрациялык түрлөрүн өркүндөтүү.

5. Практикалардын бардык түрлөрүн сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү, практиканын бардык түрлөрүнүн натыйжалары, натыйжалуулугу жөнүндөгү маалыматтарды топтоо, эсепке алуу менен иштеп чыгуу жана талдоо, практикалардын жыйынтыгында, ушул эле сыяктуу жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга даярдыктарында тиешелүү компетенциялардын, окутуунун натыйжаларынын калыптанышын жана анын деңгээлин аныктоо боюнча инструменттерди иштеп чыгуу.

6. Студенттерди тарбиялоонун атуулдук жана руханий-адептүүлүк системасын түзүү менен жаштарды патриоттуулукка, гуманизмге, адамзаттык баалуулуктарды урматтоого, улуттар аралык достукка тарбиялоо.

7. Орто кесиптик билим берүүнүн негизги программаларын ийгиликтүү өздөштүрүү жана андан кийин бакалавриатта билим алууну улантууга же өз алдынча ишмердүүлүк жургүзүүгө, ал эми ПО курамга кесиптик квалификацияны өркүндөтүү, илимий изилдөө иштери, СИИИни уюштуруу, рейтингдик көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында ПЦКнын потенциалын максималдуу пайдаланууга мүмкүндүк түзүүчү оптималдуу шарттарды жаратуу.