2022-2023 УЧЕБНЫЙ ГОД

Ош мамлекеттик университети абитуриенттерге «Туризм», «Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо», «Ветеринария», «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо», «Колдонмо геодезия», «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)», «Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү, суу транспорттон башкасы)»адистигине кызыккана битуриенттерге  STEM инновациялык колледжи ортокесиптик билим алууну сунуштайт.Окууга тапшыруу үчүн  сиз колледжге аттестат баалары менен кирүү сынагын тапшырган болосуз.

Коллежде күндүзгүжана сырттан окуу бөлүмдөру бар. Анын ичинде күндүзгү окуу бөлүмүндө18000-20000сомго чейинкелишимдик акы төлөө менен төмөнкүдөй адистиктер билим алат:

·        «Туризм»

·        «Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо»

·        «Ветеринария»

·        «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо»

·        «Колдонмо геодезия»

·        «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)»

·        «Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү, суу транспорттон башкасы)»

Ошондой эле сырттан окуу бөлүмүндө 17000 сом келишимдик акы төлөө менен төмөнкүдөй адистиктер билим алат:

·       «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо»

·       «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)»

Окуу мөөнөтү: Ар бир адистик күндүзгү 9 база 2 жыл  10 ай, 11 база 1 жыл 10 ай жана сырттан окуу бөлүмү 11 база 2 жыл 6 ай

Сабактан кийин студенттердин интелектуалдык деңгээлин өнүктүрүү максатында “Англис тили”, “Корей тили”, “ Информатика”, “STEM travel”, “Матиматика жана программалоо”  ийримдери түзүлгөн.

Адистиктер үчүн өндүрүштө жумасына бир күн практикалык сабактар уюштурулган, ал сабактарда студенттер кесипкөйлүккө тарбияланат.Адистикке тиешелүү сабактар жеткиликтүү болуш үчүн өндүрүштө сабактар улантылууда. Аларды атап кетсек “Медициналык техникаларды тейлөө жана оңдоо” адистигиндеги студенттер ОшМУнун медициналык клиникасына жадыбал боюнча жуманын бейшемби күнү келишимдин негизинде практикалык сабактарын өтүүдө. Андан сырткары Ош шаарында жайгашкан "Кыргыз унаа курулуш" ишканасы менен келишимдер түзүлдү. Колледждин "Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо",  "Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо", "Медициналык техникаларды оңдоо техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо" жана "Электр менен жабдуу" адистиктеринин студентери үчүн практикалык сабактарды  уюштурууга шарт түзүлдү. Геодезия адистигинин студенттери үчүн Ош шаарындагы “Аманат сити” курулуш компаниясында практикалык сабактарды уюштурууга шарт түзүлдү.

Окуу процесстерин уюштурууда окуу аудиториялары проектор, видео-конференция уюштуруучу жабдыктар, техникалык каражаттар менен камсыздалган.

STEM инновациялык колледжинин түзүлгөндөн бери колледжди дүйнөлүк тажрыйбалуу колледждердин катарына кошуу жана студенттердин талантын өнүктүрүү, адистигине болгон кызыгуусун артыруу максатында илимий изилдөө STEM CENTER аталышындагы борбор түзүлгөн. Студент сабактан кийинки убактысын ушул борбордо кызыктуу өткөрүп, адистикке тиешелүү макеттерди жасашууда. Анын жемиши болуп илимий көргөзмөлөргө катышып келишүүдө.

Коллежде спорттук ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.