2025-02-11 15:21:10 91
Кыргызстан жана Өзбекстан мейманкана бизнесинин келечеги талкууланды 2025-жылдын 10-февралында Ош Мамлекеттик Университетинин (ОшМУ) STEM Инновациялык колледжи жана Өзбекстан республикасынын, Фергана областынын, Маргалаң шаарындагы «Туризм ва Маданий Мерос»техникуму ортосунда онлайн конок лекциясы болуп өттү. Катышуучулар: 1. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) STEM Инновациялык колледжинин директору ф.и.к.,доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна. 2. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) STEM Инновациялык колледжи «Профессинолдык дициплиналар» бөлүмүнүн башчысы, г.и.к., доцент Сатыбалдиев Байсал Салиевич. 3. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) STEM Инновациялык колледжинин директордун илимий иштер боюнча орун басары, «Профессинолдык дициплиналар» бөлүмүнүн окутуучусу Абдиев Бектурсун Исламович. 4. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) STEM Инновациялык колледжинин, туризм адистигинин студенттери. Өзбекстан республикасынын, Фергана областынын, Маргалаң шаарындагы «Туризм ва Маданий Мерос» техникумунун жамааты. 1. Саримсоқов Равшанжон Абдусаломович. «Туризм ва Маданий Мерос» техникумунун директору, 2. .Каричаев Шерзод Шухратович. Директордун орун басары. 3. Юсупжонов Ислом Маърифжон ўғли. Мейменкана жана туризм сабагынын окутуучусу. 4. Абдуллаева Зилола Зохиджон қизи. Мейменкана жана туризм сабагынын окутуучусу 5. Топволдиева Муштарийбегим Равшан қизи. Мейменканажана туризм сабагынын окутуучусу 6. «Туризм ва Маданий Мерос» техникумунун студенттери. Иш-чара эки өлкөнүн мейманкана бизнесин өнүктүрүү маселесине арналды жана адистер, студенттер үчүн тажрыйба алмашууга сонун мүмкүнчүлүк жаратты. Туризм жана меймандостуктун өнүгүү багыттары Конок лекциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын меймандостук индустриясынын учурдагы абалы жана келечек мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды. Лекторлор эки мамлекеттеги мейманкана бизнесинин өсүш тенденцияларын жана өнүгүүгө тоскоол болгон факторлорду баяндап беришти. Кыргызстандын туризм тармагындагы артыкчылыкту убагыттары катары экотуризм, тоо туризми жана маданий турлар белгиленди. Өзбекстан болсо тарыхый туризмди жана заманбап мейманканалык инфраструктуранын кеңейишин негизги артыкчылык катары көрсөттү. Инновациялар жана санариптик технологиялар Лекциянын жүрүшүндө санариптик технологиялардын меймандостук тармагындагы ролу өзгөчө белгиленди. Онлайн брондоо системалары, жасалма интеллектке негизделген тейлөө кызматтары жана экологиялык туруктуулук концепциялары мейманканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү факторлор болуп саналат. Ошондой эле, меймандостук тармагындагы кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу үчүн кесиптик даярдыкка жана адистердиокутууга көңүл буруу зарыл экени айтылды. Бул багытта Кыргызстан менен Өзбекстандын билим берүүмекемелеринин ортосунда кызматташууну кеңейтүү маселесида каралды. Жыйынтык жана келечектеги пландар Иш-чара соңунда катышуучулар эки тараптын туризм жана мейманкана тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүү керектигин белгилешти. Лекциянын натыйжасында студенттер жана адистер меймандостук тармагындагы заманбап ыкмалар менен таанышып, жаңы билимдерге ээ болушту. Бул сыяктуу иш-чаралар келечекте дагы улантылып, туризмдин туруктуу өнүгүүсүнө жана мейманканалык тейлөөнүн эл аралык стандарттарга жооп беришине өбөлгөтүзөрү күтүлүүдө.