ФОТОГАЛЕРЕЯ
ОшМУнун факультеттер жана колледждер аралык профессордук-окутуучулук
курамдын ортосунда өткөрүлүүчү спартакиадасында.
STEM
инновациалык колледжи алгачкы ирээт катышты
.
. Эркектер командасы волейбол, баскетбол, шахмат, тогуз коргоол жана стол
теннис боюнча өткөрүлгөн спорттук мелдештерде активдүү оюн көргөзүштү.
Аялдар командасы волейбол боюнча ийгиликтүү оюн көргөзүшүп, 15 команданын
арасынан 6-орунду ээледи.
2024-жылдын 29-март күнү STEM инновациялык колледжинде ишембилик болуп өттү.
Ишембиликте STEM инновациялык колледжинин
1-корпусу жана 2-корпустарынын аудиториялары жана окуу жайдын айланасы
колледждин студенттери тарабынан тазаланды. Ишембилик улантылат.
ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде Ош мамлекеттик университетинин 85
жылдык юбилейине, 21-март “Нооруз” майрамына карата “Нооруз көктөм”
аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Бул иш-чаранын негизги максаты:
1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;
2. Студенттердин маданий иш-чараларга болгон кызыгууларын өнүктүрүү;
3. Студенттердин бири-бирине болгон байланышын чындоо;
4. Таланттуу студенттерди табуу жана алардын шык-жөндөмүн өстүрүү;
5. Нооруз майрамын утурлап татыктуу тосуп алуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө STEM инновациялык колледжинин таланттуу студенттери
тарабынан жагымдуу ыр-бийлер, акыйнек айтышуу, адистиктер тарабынан кызыктуу
каада салттар, улуттук оюндар, жана улуттук даамдар боюнча жарыш болуп бир
топ кызыктуу номердик аткаруулар орун алды.
Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге диплом, ыраазычылык
каттар тапшырылды.
ОшМУнун 85 жылдык маарекесине карата STEM инновациялык колледжинде уюштурулган "STEM WEEK" иш чарасынын алкагында 5 - апрель күнү "FAST TYPING " же болбосо "Текстти тез терүү" боюнча конкурс болуп өттү...
Конкурс колледждин студенттеринин арасында каалоочулар үчүн болду.
Жыйынтык 2 баскычта бааланды :
1. Ылдамдык
2. Тексттин туура жазылуусу
Конкурстун жеңүүчүлөрү:
Ылдамдык боюнча:
1. Бердибаев Арсен 270 балл АСс9-1-21
2. Советбек уулу Баэл 169 балл ПИЭс9-3-21
3. Андаева А. 138 балл ТОСВТ9-1-21
Тексттин туура жазылуусу боюнча:
1. Жолдошева Уулкан. 95.3 балл ТОСВТ9-1-21
2. Кубанычбек уулу Курсант 94.9 балл ПИЭс9-2-22
3. Алмазбек уулу Айжигит 93. 5 балл АСс-2-22 балл менен ээлешти
STEM WEEK.
ОшМУнун 85 жылдык маарекесине карата STEM инновациялык колледжинде уюштурулган "STEM WEEK" иш чарасынын алкагында 4-апрель күнү адистиктер арасында "Бүгүнкү аракет-эртеңки жаркын келечек "аттуу дебат болуп өттү.
8 команда катышып,пикир алмашышты.Жеңүүчүлөр:
1-чи орун:Ренжировер- ТОСВТ
2-чи орун: ТОРАТ-ТОРАТ
3-чу орун:АВТОЭЛЕКТРИК-Э.Т.Э.А
Мыкты дебатчы:Каримбердиев Өмүрбек
Мыкты команда:Акыйкатчы командасы
Все
ОшМУнун 85 жылдыгына арналган "IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM" аттуу
колледжибизде 2024-жылдын 2-апрелинде STEM жумалыгынын ачылышы болуп
ɵттү. Жумалыктын ачылышы ыр, бийлер менен коштолуп, адистиктер арасында
шахмат өткөрүлдү.
Жыйынтыгында 1-орунду РМТс9-1-22 тайпасынын студенти Бекмуратов Бекназар
багындырды, ал эми 2-орунду ПИЭс9-5-23 тайпасынын студенти Нурмухаммадов
Мухаммадали ээледи. Жалпысынан 10 адистик боюнча студенттер катышып 3 –
орунду ТОСВТ9-1-23 тайпасынын студенти Тиленчиев Мурат ээледи.
ОшМУнун 85 жылдык мааркесине карата STEM инновациялык колледжинде
уюштурулган "STEM WEEK" иш чарасынын алкагында 3 - апрель күнү 5 темадан
турган семинарлар болуп өттү.
Алар:
1. "Булуттар технологиясы жана Жасалма Интеллект" - ментор ИКД циклынын
окутуучусу Жаңыбай уулу Кубанычбек
2. "Компьютердик тармактар жана телекоммуникация" - ментор ИКД циклынын
окутуучусу Арынов Даниярбек
3. "Түзүлүштү чогултуу (Разборка ПК)" – ментор ТОСВТ 9-3-22 группасынан
Турсунбаев Абдуллох
4. " BACKEND - логикалык тапшырмаларды чечүү" - ментор ПИЭс-9-3-21
тайпасынын студенти Абдыкадыров Сыймык Нурбекович.
5. "FRONT-END - сайт жана анын версткасы" - ментор АСс-9-1-21 тайпасынын
студенти Нурланбек уулу Мирланбек.
"IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM"
ОшМУнун 85 жылдыгына карата STEM инновациялык колледжинин 2024-жылдын 2-апрелден 6-апрелге чейин «Imagine your future in STEM» аталышындагы жумалык болуп ɵтɵт. Жумалык STEM инновациялык колледжинин адистиктери арасында тапшырмалар менен төмөнкүдөй тартипте өткөрүлөт:
1. 2-апрель күнү- Жумалыктын ачылышы, ыр мастер класстар көрсөтүлөт (уюштуруу тобу тарабынан). FROND-END, BACKEND, Облачные технологии и ИИ, разборка ПК, Компьютерные сети и телекоммуникации. Ушул күнү шахмат боюнча жарыш болуп өтөт.
2. 3-апрель күнү - ар бир адистик ортосунда адистигине тиешелүү конкурс болот. Конкурсту ар бир адистик өзү даярдайт. Мисалы программисттер текстти тез терүү ж.б.
3.4-апрель күнү- видео жарыш, видео адистигине тиешелүү тартылып даярдалат.
4. 5-апрель күнү-STEM future аталышындагы макеттерди жасоо.
5.6-апрель күнү спорттун волейбол боюнча адистиктердик окутуучулары жана студенттери арасында таймаш болот. Өтүүчү жай: 1-корпус, саат 10:00
Жыйынтык чыкканга чейин флешмоб болот.
Эскертүү: Баардык тапшырмалар STEMге байланыштуу болуп, адистиктерине басым жасалып, келечектеги кесибин даңазалап, кесиптик формасы менен катышуу жана аткарууга басым жасалуусу керек.)
Жумалык ыр, бий, мастер класстар менен коштолот.
Жеңүүчүлɵргɵ дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн: 0509060412
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240329162055-stem.jpeg
ОшМУнун 85 жылдыгына арналган "IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM" аттуу колледжибизде 2024-жылдын 2-апрелинде STEM жумалыгынын ачылышы болуп ɵттү. Жумалыктын ачылышы ыр, бийлер менен коштолуп, адистиктер арасында шахмат өткөрүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду РМТс9-1-22 тайпасынын студенти Бекмуратов Бекназар багындырды, ал эми 2-орунду ПИЭс9-5-23 тайпасынын студенти Нурмухаммадов Мухаммадали ээледи. Жалпысынан 10 адистик боюнча студенттер катышып 3 – орунду ТОСВТ9-1-23 тайпасынын студенти Тиленчиев Мурат ээледи.
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240403114634-stem.jpeg
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240403114657-stem.jpeg
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240403114658-stem.jpeg
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240403114952-stem.jpeg
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240403115001-stem.jpeg
2024-жылдын 5-апрелинде ОшМУнун 85-жылдыгына арналган STEM инновациялык колледжинин «IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM» аттуу STEM WEEK жумалыгына арналган адистиктер арасындагы “Макеттерди жасоо” конкурсу болуп өттү.
Ар бир адистиктин студенттери конкурс учурунда жасаган иши жөнүндө баяндама жасап өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөтө алышты.
Жыйынтыгында:
1-ЭТЭА
2-РМТ
3-ПГс
4-ЭС
5-ВТс
7-ПИЭс тайпалары оорундарга ээ болушту.
STEM WEEK.
2024-жылдын 6-апрелинде STEM WEEK жумалыгынын алкагында ОшМУнун 85 жылдыгына арналган адистиктер арасындагы волейбол болуп өттү. Оюнду STEM инновациялык колледжинин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна сөз сүйлөп, командаларга ийгилик каалады. Оюн абдан кызыктуу болду. Ар бир адистиктен 10 команда чыгып, жыйынтыгында:
1-чи орунду- Колдонмо геодезия адистиктин командасы (ПГс);
2-чи орунду Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды тейлөө(ТОСВТ);
3-чү орунду-Колдонмо информатика (тармактар боюнча) командасы (ПИЭс);
4-чү -орунду Информацияларды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу
АСс) командалары жеңишке ээ болушту. Жалпы катышкан командаларга чоң ыраазычылык билдиребиз!
Жаштар арасында коопсуздук жана баңгизаттардын алдын алуу боюнча жолугушуу
Жаштар арасында коопсуздук жана баңгизаттардын алдын алуу боюнча жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал- лейтенанты У.О Ниязбековдун 2024-жылдын 11-ноябрьнда өткөрүлгөн КР ИИМДИН онлайын аппараттык Кеңешмесинде, 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын алкагында жана Ош ШИИБдин 2025-жылдын 3-февраль күнү 19-тескемесинин негизинде, Бүгүн 2025-жылдын 28-фефвраль күнү ОшМУнун Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн инспектору Акимжан уулу Кыялбек, КР ИИМ Бангизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракетенүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Жапакова Гулмира Жузубалыевна, Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Тороев. М.О. Ош шаардык Ак- Буура бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору ага лейтенанты Авазбек кызы Бермет жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ага аймактык инспектору майор Кекиев Азамат Таалайбековичтердин катышуусунда коопсуздук жана кылымыштуулукту жана жаштар арасында синтетикалык бангизаттарды колдонуунун алдын алуу максатында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга STEM инновациялык колледждин тарбия иштери боюнча орун басары Маматислам уулу Илимбек жана студенттер катышышты.
Студенттердин Окуу-Танышуу Практикасына Жөнөтүү Конференциясы
Студенттердин Окуу-Танышуу Практикасына Жөнөтүү Конференциясы
Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү информациялык дисциплиналар циклынын "Колдонмо информатика" жана "АСОИУ" адистиктеринин 11 база 1-курс жана 9 база 2-курстарынын студенттеринин 2 жумалык окуу-таанышуу практикасына жонотуу боюнча конференциясы болуп өттү. Конференцияга колледждин директору Абдылакимова Б.К. бөлүм башчы А. Э. Сатаров, цикл башчы К. К. Шакиров, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова, циклдын практика жетекчиси Рахманберди кызы М., жана 1-2-курстардын кураторлору, студенттери катышышты. Конференцияда практика боюнча инструктаж, эреже-талаптар, милдеттер менен тааныштырышып, студенттердин суроолоруна жооп беришти.
Глобалдуу акча жумалыгы – 2025
Глобалдуу акча жумалыгы – 2025
11-апрель, 2025-жыл. STEM инновациялык колледжинде "Жаран таануу" предметинин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областык башкармалыктан өкүлдөр келишип,
студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында "Глобалдуу акча жумалыгы-2025" компаниясынын алкагында семинар өтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук валюта — сомдун тарыхы, сакталышы жана финансылык сабаттуулук тууралуу маалыматтар берилди.
Студенттер тарабынан кызыктуу суроолор көп болуп, иш-чара жандуу өттү.
Берилген маалыматтар студенттердин турмушунда пайдасы тиет деген үмүттөбүз.
Улуттук банктын өкүлдөрү Келдиев Нургазы Турдибаевичке жана Исманов Эрмек Марипжановичке ыраазычылык билдиребиз.
Кут дүйнө – фалеристикалык көргөзмө
“Кут дүйнө” фалеристикалык көргөзмө-лекция
2025-жылдын 8-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин STEM-инновациялык колледжинде Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы,
тарых илимдеринин кандидаты, доцент Мурзакметов Абдымиталип Камытович “Кут дүйнө” аттуу фалеристикалык көргөзмө-лекция өттү.
Көргөзмө-лекцияда фалеристиканын илимий жана маданий мааниси тууралуу маалыматтар берилип, ар кыл доорлорго жана тарыхый учурларга
таандык ордендер, медалдар, сыйлыктар көрсөтүлдү.
Иш-чарага студенттер жана окутуучулар активдүү катышып, кызыктуу пикирлер жана талкуулар орун алды. Бул көргөзмө-лекция — жаштарды тарыхый эстеликтерди баалоого,
улуттук мураска болгон кызыгуусун арттырууга багытталган маанилүү маданий иш-чаралардын бири болду.
Ноорузга арналган “Сармерден” кечеси
“Сармерден” кечеси
2025-жылдын 19-март күнү STEM Инновациялык Колледжинде Нооруз майрамына арналган өзгөчө маданий иш-чара – агай-эжекелердин ортосундагы
“Сармерден” оюн-зоок кечеси болуп өттү.
Бул майрамдык кечеде устаттарыбыз кыргыз элинин байыркы салт-санаасын даңазалап, комуз күүлөрү жаңырып, ыр-күү, тамашалар коштогон шаңдуу маанай тартууланды.
Оюндун жүрүшүндө агай-эжекелер бири-бирине таасирлүү сөздөрүн арнап, тамашалуу суроо-жооптор менен өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле, дастан айтылып, макал-лакаптар айтылып,
жандуу дебаттар орун алды. Бул иш-чара биримдикти, достукту бекемдеп, Нооруз майрамына кошумча шаң тартуулады.
Колледж жамааты мындай маданий иш-чараларды өткөрүүнү салтка айлантып, улуттук баалуулуктарды сактоо жана жаш муунга өрнөк болуу максатын көздөйт.
Нооруз ар бир үйгө кут, ырыс, бакыт алып келсин!
ОшМунун STEM инновациялык колледже 23-февраль майрамына карата агайлар арасында бильярд мелдеши өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
ОшМунун STEM инновациялык колледже 23-февраль майрамына карата агайлар арасында бильярд мелдеши өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
2025 жылдын 20-февраль күнү ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин кесиптик бирлик комитети тарабынан 23-февраль "Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө" карата STEM инновациялык колледждин агайлары үчүн спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш уюуштурулду. Бул мелдеште 45 жаштан жогору агайлар ортосундагы беттеште; 1. Шакиров Кылычбек Курбанбекович 1-орунду; 2. Халмурзаев Абдирашит Назирбекович 2-орунду; 3. Атаханов Хуснутдин Мухтарович 3-орунду эледи. Ал эми 45 жашка чейинки агайлар ортосундагы беттеште; 1.Токсонбай уулу Куткелди 1-орунду; 2.Маматислам уулу Илимбек 2-орунду; 3.Жеңишбек уулу Эрлан 3-орунду эледи.
Студенттер менен тарбиялык жолугушуу
Студенттер менен тарбиялык жолугушуу
2025-жылдын 13-февраль күнү STEM инновациялык колледжинин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна, директордун орун басарлары, бөлүм башчылар, кураторлор, окутуучулар жамааты студенттер менен кезексиз жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу эрте менен 9 база 1-курстарга, түштөн кийин 11 база, 9 база жогорку курстар арасында болду. Жолугушууда акыркы өлкөбүздө болуп жаткан өспүрүмдөр арасындагы чыр- чатактар, окуялар боюнча айтылып студенттерди чыр-чатактан алыс болууну эскертип, тарбиялык насааттар айтылды.
2024-жылдын 23-декабрында ОшМУда коопсуздук боюнча жолугушуу өттү. Милиция өкүлдөрү жана студенттер катышты.
2024-жылдын 23-декабрында ОшМУда коопсуздук боюнча жолугушуу өттү. Милиция өкүлдөрү жана студенттер катышты.
2024-жылдын 23-декабрьнда ОшМУнун Коопсуздук кызматынын башчысы Арзиев Нурлаким Маматкулович, Ош шаардык милициянын бангизаттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы (полковник) Рахманов Кенешбек Ташбалтаевич, Ош шаардык 4-милиция аймактык бөлүмүнүн башчысы капитан Абдиев Шумкар, Ош ШИИбдин Ак-Буура МБнын ЖИИнин АТсу милициянын улук лейтенанты Алмазбек кызы Бермет жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ага аймактык тескөөчүсү милициянын майору Кекиев Азамат Таалайбековичтердин катышуусунда коопсуздук жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга STEM инновациялык кооледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Маматислам уулу Илимбек, студенттер жана кураторлор катышышты.
"Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү бүтүрүүчүлөрдүн окуу-өндүрүштүк практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция"
"Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү бүтүрүүчүлөрдүн окуу-өндүрүштүк практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция"
Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү информациялык дисциплиналар циклынын "ТОСВТ", "Колдонмо информатика" жана "АСОИУ" адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин 4 жумалык окуу-өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун практика жана карьера борборунун улук инспектору А. Маткалыков, бөлүм башчы А. Э. Сатаров, цикл башчы К. К. Шакиров, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М., Сманалиев Д., Маликова, Н. Шарабидинова А., Капарова А, Молдалиева Ж. жана 1-2-3-курстардын студенттери катышышты.
“Билимдүү жаштар - келечектин тиреги”
“Билимдүү жаштар - келечектин тиреги”
2024-жылдын 4-декабрында ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде “Келечек жөнөкөй жаштардын колунда эмес, билимдүү жаштардын колунда” аттуу интеллектуалдык оюн болуп өттү. Жалпысынан 13 команда катышты. “STEM Галактика” командасы 1-орунга, “STEM Авангард” командасы 2-орунга, “Феникс” командасы 3-орунга ээ болуп, грамоталар менен сыйланышты
Студенттердин Ата-Энелери менен Байланыш: Билим Берүүдөгү Өнөктөштүк
Студенттердин Ата-Энелери менен Байланыш: Билим Берүүдөгү Өнөктөштүк
2025-жылдын 20-февраль күнү STEM инновациялык колледжинин Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан "Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо" , "Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) адистиктеринде окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш чаранын негизги максаты окутуучу, студент жана ата-эне менен, окууда, тарбияда жана окуу жайдын ар кандай максаттагы өтүлгөн иш чаралар менен тааныш болуусу. Ата-энелер менен тыгыз иштөө, алардын койгон сунуштарды эске алуу менен, студент дагы көзөмөлдө болуп, окууда ийгиликтүү жетишкендиктер ишке ашат. Бул иш-чарада төмөндөгү маселелер каралды: 1. Окуу пландар жана мамлекеттик стандарттар боюнча. 2. MyEDU программасынын иштөөсү жөнүндө. 3. Студенттердин окуудагы жетишкендиктери. 4. Жүрүм-турум тарбиясы. 5. Ар түрдүү маселелер. Бул иш-чаранын аягында окууда жакшы жетишкендиктерди көргөзгөн студенттердин ата-энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Мындай жолугушуулар мындан ары да улантылмакчы.
"ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде интеллектуалдык акыл таймаш өттү
"ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде интеллектуалдык акыл таймаш өттү
2025-жылдын 14-март күнү ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын окутуучулары Салиева Нуриза жана Аманова Гүлмайрам 1-курстар арасында интеллектуалдык акыл таймаш уюштурушуп, 7 команда, жалпы 42 студент катышышты. "КОМПАС" командасы 1-орун, "ЭРУДИТ"командасы 2-орун, "БИРИМДИК" командасы 3-орун, "ШЫК ОРДО" командасы 4-орунду ээлеп, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан тышкары ар бир командага кызыктыруучу белектер жана активдүү катышуучусуна "МЫКТЫ ТАПКЫЧ" номинациясы менен грамоталар тапшырылды. Калыстар тобу болуп директордун орун басары: Сулайман уулу Заирбек, Маматислам уулу Илим жана окутуучу Капарова Айжамал шайланды. Катышкан студенттердин окууларына ийгилик жана изденүүчүлүктөрдү каалайбыз.
“Жол коопсуздугу – ар бирибиздин жоопкерчилик”
“Жол коопсуздугу – ар бирибиздин жоопкерчилик”
2024-жылдын 4-декабрында Ош мамлекеттик университетинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол кырсыктарын болтурбоо жана алардын кесепеттерин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жолугушууга STEM инновациялык колледжинин ТОРАТ, ЭТЭА, ЭС,ТОСВТ адистигинин биринчи курсунун студенттери да катышып, көптөгөн маанилүү маалыматтарды алышты.
STEM студенттери менен STEM пикник!!
Адамдар таштанды таштоочу жайга барып, эс алууну каалашпайт, алар кооз жерге чыгып, эс алууну каалашат. 6-июнь күнү STEM студенттер менен Абшыр Атага бардык. Бул күн абдан сонун жана укмуштуудай болду.
Science Week - 2025
Science Week 2025 - Салтанаттуу ачылыш
2025-жылдын 24-апрелинде STEM Инновациялык колледжинде илим жумалыгы — Science Week салтанаттуу түрдө ачылды.
Бул иш-чарага бардык багыттагы студенттер катышып, өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн, долбоорлорун жана чыгармачыл эмгектерин сунушташты.
Ошондой эле катышуучулар жумалык боюнча иш-чаралардын программасы менен таанышты.
Science Weekтин экинчи күнү логика күнү болуп, анда ар түрдүү адистиктеги студенттер арасында интеллектуалдык оюн өтөт.
Кийинки күндөрү студенттер үчүн ар кыл тармактагы ишкерлер жана адистер менен болгон конок лекциялар уюштурулат.
Алар студенттер менен өз тажрыйбалары жана ийгилик жолдору менен бөлүшүшөт.
Ал эми илим жумалыгынын үчүнчү күнү өзгөчө болот — "Туризм" адистигинин студенттери Ош шаарынын көрүктүү жерлерине экскурсия өткөрүп,
экскурсовод катары өз кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүшөт.
Бул жумалык студенттер үчүн пайдалуу, кызыктуу жана шыктандыруучу болот деп күтүлүүдө!
"Тил тагдыры - эл тагдыры"
"Тил тагдыры - эл тагдыры"
Бүгүн ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата даярдалган "Тил тагдыры - эл тагдыры" деген аталыштагы иш чара болуп өттү. Иш чара Эл аралык Билим берүү программалары колледжинин тилчилери тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү. Иш чаранын жүрүшүндө тарыхты, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улуу инсандардын өрнөктүү өмүрү, жасаган улуу иштери эскерилип, А.Айтманбетов агай тил мыйзамы тууралуу мыкты доклад жасап, студенттер менен биргеликте талкуулар болду. Таланттуу студенттердин өнөрлөрү тартууланды. Иш чараны колледждин окуу иштери боюнча орун басары Р. Сарыков ачып берип, Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы, Б. Сатыбалдиев агайлар өздөрүнүн жакшы ойлору менен бөлүшүп, даярдаган жалпы жамаатка ыраазычылыгын билдиришти.
ОшМУнун окутуучуларынын 32-спартакиадасы жыйынтыкталды
ОшМУнун окутуучуларынын 32-спартакиадасы жыйынтыкталды
ОшМУнун окутуучуларынын 32-спартакиадасы жыйынтыкталды Ош мамлекеттик университетинде окутуучулар арасында өткөрүлгөн 32-спартакиада өз жыйынтыгын чыгарды. Бул иш-чарада биздин STEM инновациялык колледжинин жамааты жогорку ийгиликтерди жаратып, жалпы командалык эсепте 2-орунга ээ болду. Мындан сырткары, биздин мугалимдер спорттун бир нече түрү боюнча да жеке номинацияларда жеңүүчү болушуп, колледжибиздин ар-намысын татыктуу коргошту. Жеңүүчүлөрүбүздү чын жүрөктөн куттуктайбыз жана аларга мындан ары дагы жаңы жетишкендиктерди каалайбыз! STEM инновациялык колледжи – ийгилик жолунда!
2024-жылдын 1-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинин Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Маматислам уулу Илимбек, колледждин студенттик жаштар кеңешинин мүчөлөрү жана акыйкатчы аппаратынын мүчөлөрү карылар үйүнө барып Карылар күнү менен куттуктап, кабар алып келишти.
30 сентября, 2024 года в Араванском районе состоялся туристический слет, приуроченный ко Всемирному дню туризма. В нем приняли участие студенты и преподаватели Ошского государственного университета, в том числе представители инновационного колледжа STEM, а также факультета естественных наук, физической культуры, туризма и аграрных технологий, а также Студенты были воодушевлены возможностью попробовать свои силы в полевых условиях, испытать туристические навыки и командный дух. Участники разделились на пять команд, каждая из которых состояла из четырех человек (двое юношей и две девушки). Им предстояло пройти различные испытания: преодоление водных препятствий, передвижение по грязной местности, подъем и спуск с высоты, а также поиск металлических предметов. Команды-победители были вознаграждены почетными грамотами, медалями и ценными призами. Мероприятие было организовано при участии ректората университета и усилиями преподавателей, среди которых директор института, профессор А.Г. Низамиев, директор колледжа, доцент Б. Абдылакимова, заведующие кафедрами доценты К.Т. Самиев и Б.С. Сатыбалдыев, а также доцент Г.А. Момошева, старшие преподаватели Ж.М. Султанов, Р.Б. Сарыков, и преподаватели З.А. Низамиева, Б. Абдиев, А. Урматова.
“Аялдын үнү адабиятта” – адабий кече
“Аялдын үнү адабиятта” – адабий кече
11.03.2025 СТЕМ инновациялык колледжинде, коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары Нышанова Жазгүл, Жалалова Дамира, Райимбердиева Чолпон, Ажибаева Фазира Эл аралык аялдар күнүнө арналган иш-чара өткөрүштү. Уюштуруучулар бул адабий кечени “Эхо женского голоса в литературе” деп аташты. Студенттер чыгармалардагы аял образдарынын галереясын, монологдорду, каттарды жана каармандар тууралуу ырларды тартуулашты. Кеченин коноктору колледждин директору Абдылакимова Б. жана окутуучулар болушту. Конокторго М. Цветаеванын ырларына жазылган обон менен коштолуп, гүлдөр тартууланды.
"Эне тил – улут байлыгы" маданий иш-чарасы
"Эне тил – улут байлыгы" маданий иш-чарасы
2025-жылдын 21-февраль күнү STEM инновациялык колледжинде БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛИ күнүнө карата "Эне тил-улут байлыгы" аттуу маданий-музыкалык иш-чара болуп өттү. Колледждин директору ф.и.к., доцент Б.К. Абдылакимовага сөз берилип, кечени ачып берди. Таланттуу студенттердин коштоосунда иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Кеченин аягында активдүү катышкан студенттерге ЫРААЗЫЧЫЛЫК кат менен сыйланышты.
"STEM колледжинде тазалык ишембилиги өткөрүлдү
"STEM колледжинде тазалык ишембилиги өткөрүлдү
Жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында 2025-жылдын 1-март күнү Ош шаарынын аймагында жалпы ишембилик өтүп жатат. Ага улай STEM инновациялык колледждин жалпы жамааты студенттери менен биргеликте STEM инновациялык колледждин айланасын жана ички кааналарда ишембилик жасалды.
STEM колледжинде сынак!
STEM колледжинде сынак!
СЫНАК STEM инновациялык колледжинин Директору Абдылакимова Б.К жана студенттик кеңеши тарабынан жаңы жылга карата аудитория жана кабинет жасалгалоо боюнча сынак жарыяланды Сынак 10- декабрдан 25-декабрга чейин жургузулот жана 25-декабрь куну жыйынтыкталат Эң мыкты деп табылган аудиторияга *Директор* тарабынан грамота жана сыйлыктар ыйгарылат