Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн тарыхы
Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен ректордун 2020-жылдын 28-февральындагы №7 протоколунун негизинде STEM инновациялык колледжи түзүлгөн жана директору болуп ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна бекитилген.
2020-жылы Техникалык дисциплиналар предметтик циклы болуп түзүлгөн, циклдын башчысы болуп т.и.к., доцент Султанов Сайит Кожонович дайындалып жетектеген. 2022-жылы Техникалык дисциплиналар предметтик циклы Адистештирилген дисциплиналар бөлүмү болуп өзгөрүп, бөлүм башчы кызматка бөлүмдүн окутуучусу Маразаков Шавкат Адылбекович дайындалып жетектеген. Ал эми 2023-жылы Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн бөлүм башчысы болуп бөлүмдүн окутуучусу Кубатов Нурлан Кушбакович дайындалып бөлүмдү жетектеп жатат.
Бөлүмдүн негизги максаты жогорку квалификациялуу орто кесиптеги адистерин даярдоо:
1. 190604 - “Автоунааны техникалык тейлөө жана оңдоо” багытынын адистиги боюнча техниктерди даярдоо;
2. 190503 – “Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо” багытынын адистиги боюнча техник-электромеханиктерди даярдоо;
3. 140212 – “Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)” багытынын адистиги боюнча техник-электриктерди даярдоо;
4. 200403 – “Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо” багытынын адистиги боюнча техниктерди даярдоо.
Профессордук-окутуучулук курам жаңы усулдар жана технологияларды колдонуу менен студенттерге билим берүүдө чоң тажрыйбаларга жана ийгиликтерге жетишкен жогорку квалификациялуу адистерден турат. Азыркы учурда бөлүмдө 16 окутуучу жана көмөкчү персоналдар иш алып барууда.