Ош МУнун 85-жылдыгына арналган “IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM” аттуу
колледжибизде 2024 жылдын 3-апрелинде STEM WEEK жумалыгына арналган
адистиктер арасындагы конкурс төмөнкү тартипте болуп өттү.
Жумалыктын экинчи күнүндө манас айтуу, бий менен коштолуп,
Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүндөгү ТОРАТ, ЭС, РМТ, ЭТЭА
адистиктери арасында конкурс өткөрүлдү.
1. Электр тогуна урулгандагы биринчи жардам көрсөтүү
Ар бир адистик электр тогун пайдалангандыктан, бул конкурс сунушталды.
2. Жол кыймылынын эрежелери боюнча
Ар бир адистик автоунаа пайдалангандыктан, бул конкурс дагы сунушталды.
3. Электр чынжырын туура туташтыруу боюнча
Электр менен байланышкан жумуштар үчүн бул конкурс өткөрүлдү.
Бул конкурста студенттер билимин, кыймыл-аракетин мыкты деңгээлде көрсөтүштү.
Жыйынтыгында ЭТЭА – 1-орун, РМТ – 2-орун, ЭС жана ТОРАТ – 3-орундарды алышты.
Конкурска активдүү катышкан студенттер грамоталар менен сыйланышты.
2021-жылдын 15-май күнү ОшМУда "Ачык эшик" болуп өттү. STEM инновациялык колледжинин Техникалык адистиктер циклы дагы көптөгөн макеттерди жасашты.