Өзбекстандагы илимий-техникалык конференция

Төмөн көмүртектүү өнүгүү конференциясы

Эл аралык илимий-техникалык конференция

Жаңы горизонтор — дүйнө жана Өзбекстан үчүн төмөн көмүртектүү өнүгүү жолдору

2022-жылдын 23-24-сентябрь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Улуттук кайра жаралуучу энергия булактары боюнча илимий-изилдөө институтунда “Дүйнөдө жана Өзбекстанда төмөн көмүртектүү өнүгүүнүн жаңы горизонтору” темасында эл аралык илимий-техникалык конференция болуп өттү.

Бул ири илимий иш-чарада кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, көмүртек чыгындыларын азайтуу жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо багытындагы жаңы технологиялар жана дүйнөлүк тенденциялар талкууланды.

Конференцияга STEM инновациялык колледжинин Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары Кубатов Нурлан жана Маразаков Шават мырзалар катышып, төмөн көмүртектүү өнүгүү жаатындагы заманбап ыкмалар жана билим берүү мекемелеринин ролу тууралуу маанилүү баяндамаларга күбө болуп кайтышты.

Биз үчүн болгон пайда жана жыйынтык:

  • Жаңы билим жана технологиялар менен таанышуу – дүйнө жүзүндөгү акыркы жетишкендиктер жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
  • Сабактарды жаңыртуу идеялары – конференцияда алган билимдерди колледждеги практикалык жана теориялык сабактарга киргизүү пландаштырылууда.
  • Эл аралык байланыштар – башка мамлекеттердин билим берүү мекемелери жана изилдөөчүлөрү менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.
  • Экологиялык аң-сезимди жогорулатуу – төмөн көмүртектүү келечекке салым кошуу үчүн студенттерди тарбиялоонун мааниси дагы бир ирет белгиленди.

Бул конференция STEM инновациялык колледжи үчүн келечектеги жашыл экономика, туруктуу өнүгүү жана билим берүүдөгү инновациялык багыттар боюнча чоң кадам болуп калды.