Андижон мобилдүүлүк

STEM Кызматташтык
2021-жылдын 5-ноябрында STEM инновациялык колледжинин окутуучу-профессордук жамааты жана Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары Меңдибаев Дамирбек жана Маразаков Шавкат "Эл аралык кызматташтык" аталышындагы мобилдүүлүк сапарга чыгып, Андижон мамлекеттик университетине барды.

Бул сапар окутуучулардын билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбаларды алмашуу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо максатында уюштурулган. Меңдибаев Дамирбек жана Маразаков Шавкат университеттеги кесиптештери менен таанышып, билим берүү процесстеринин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Сапардын жыйынтыгында бир катар маанилүү келишимдерге жана демилгелерге кол коюлду. Мындай эл аралык кызматташтык келишимдери бизнестин, илимдин жана билимдин өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөт. STEM инновациялык колледжи жана Андижон мамлекеттик университети ушул сыяктуу кызматташтыктарды дагы тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө ниеттенүүдө.

Бул иш-чара окутуучулар үчүн гана эмес, студенттер үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, билим алмашуу жана эл аралык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө.