2025-жылдын 3-апрель күнү STEM инновациялык колледжинин Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) адистигинин окутуучулары Раева Ж.С., Жусубалиева А.Ж., Жеңишбек у Э. жана ЭСс9-1-22 тайпасынын студенттери Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледжинин Алдынка тажрыйба борборуна академиялык мобилдүүлүк жана тажрыйба алмашууга сапарында болушту. Иш-чаранын негизги максаты — билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу, студенттердин кесиптик билимин тереңдетүү жана аймактар аралык кызматташууну чыңдоо болуп саналат.
Сапардын алкагында конок катары окутуучу Жусубалиева Айнагүл тарабынан студенттерге багытталган лекция өткөрүлүп, анда билим берүүдөгү заманбап тенденциялар, кесиптик даярдыктын мааниси жана практикалык тажрыйбанын ролу тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, Жалал-Абад колледжинин окутуучулары да ар кыл темалар боюнча мазмундуу лекцияларды өткөрүп, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Мындан тышкары, студенттер үчүн колледждин материалдык-техникалык базасы жана окуу лабораториялары боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Бул иш-чара студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырып, алардын кесиптик багытын аныктоого өбөлгө түздү.
Мобилдүүлүк сапары билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө, окутуучулардын жана студенттердин өз ара байланыштарын чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.




