ОшМУнун жаныдан иштелип чыкан студенттердин билимин баалоо жөнүндөгү ЖОБОну STEM инновациялык колледжинин профессордук - окутуучулук курамына тааныштыруу жана жеткирүү максатында семинар болуп өттү. Семинарда колледждин методикалык кеңешинин төрайымы Н. Маликова жана директордун окуу иштери боюнча орун басары Сулайман уулу Заирбек жана “ОшМУда студенттердин билимин баалоонун модулдук баллдык - рейтингдик системасы жөнүндө” жаңы жобону тааныштырып окутуучуларга тарабынан берилген суроолорго жооп берилип маалымат жеткирилди. 24.03.2025.
STEM инновациялык колледжинин окутуучулары бугун 31.10.2015 ОшМУнун ОСжМКБ тарабынан уюштурулган «Алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу» атуу семинарына катышышты. Семинардын тренерлери «ОшМУнун заманбап окутуучусу», «ОшМУнун мыкты СОАИ чебери», «Мыкты педагогикалык дебюд» конкурстарынын женуучулорунун тажрыйбаларын практикалоо менен жургузулду. Окутуучулар семинарга активдуу катышып, аягында суроо- жооп менен коштолду. Уюштуруучуларга терен ыраазычылык билдиребиз…
2026-жылдын 9-апрелинде STEM инновациялык колледжинде окутуучулар үчүн маанилүү методикалык семинар өткөрүлдү. Иш-чара колледждин Окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Н. Маликова тарабынан уюштурулуп, окутуучулардын суроо- жооптору менен коштолду.
Семинардын негизги максаты – окутуучулардын жылдык рейтингин жүргүзүү боюнча жобо менен кеңири тааныштыруу жана аны иш жүзүндө туура колдонуу жолдорун түшүндүрүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга рейтингдик система тууралуу толук маалымат берилип, ар бир көрсөткүчтү туура жана так жайгаштыруу боюнча методикалык кеңештер сунушталды.
Мындан тышкары, семинар заманбап билим берүү технологияларын сабак процессинде колдонууга да багытталды. Бул багытта ИКД циклынын окутуучулары Абдумалик К. Н. жана Маматкалы К. Б. өздөрүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүп, интерактивдүү ыкмаларды, санариптик куралдарды натыйжалуу пайдалануу боюнча практикалык мисалдарды көрсөтүштү.
Семинар жандуу талкуулар менен коштолду. Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, билим берүү сапатын арттырууга жана инновациялык ыкмаларды кеңири жайылтууга чоң өбөлгө түзөт.