Экскурсия ТЭЦ

ТЭЦке таанышуу сапары
2025-жылдын 25-мартында окутуучу Жусубалиева Айнагуль «Электр менен камсыздоо» адистигинин ЭСс9-1-22, ЭСс9-1-23 тайпасынын студенттерин практикалык билим деңгээлин жогорулатуу максатында Ош шаардагы Жылуулук электр борборуна (ТЭЦ) таанышуу сапарына барып келишти. Бул иш-чара өндүрүш процесси менен таанышууга жана теориялык билимди практика менен айкалыштырууга багытталган.

Сапардын жүрүшүндө студенттер ТЭЦтин иштөө принциби, жабдуулардын түзүлүшү, энергия өндүрүү жана бөлүштүрүү процесстери тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле, техникалык коопсуздук эрежелери жана экологиялык көзөмөл чаралары боюнча адистер менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мындай таанышуу иш-чаралары студенттердин кесиптик компетенцияларын арттырууга жана келечектеги адистик багытын аныктоого чоң түрткү берет.