2026-04-17 11:46:50 37
17.04.2026-жыл Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн «Колдонмо геодезия» адистигинин бутуруучу курстарын 20-апрелден 16-майга чейин өтүүчү 4 жумалык ондуруштук практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга бөлүм башчысы Б.С. Сатыбалдиев, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчиси С. Боронов катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер студенттерге практиканын максаты жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өткөрүштү. Ошондой эле практика учурунда сакталуучу эреже-талаптар, аткарылуучу милдеттер жана жоопкерчилик маселелери боюнча тушундурмо беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Жыйынтыгында жетекчилер студенттерге ийгиликтүү практика өтөп келүүсүн каалап, алган теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдөөгө чакырышты.