2026-04-17 11:30:19 31
17-апрель күнү «ОшМУнун заманбап окутуучу–2026» сынагынын алкагында Камчы кызы Бурулай ПИЭС адистигинин студенттерине адабият сабагынан мазмундуу жана таасирдүү ачык сабак өттү. Сабактын темасы — белгилүү жазуучу М.Гапаровдун «Эки ирет гүлдөөчү алмалар» чыгармасындагы үй-бүлө темасынын көркөм чагылдырылышы болду. Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, заманбап окутуу ыкмалары натыйжалуу колдонулду. Окутуучу интерактивдүү усулдар аркылуу студенттердин чыгармага болгон кызыгуусун арттырып, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Талкуу, топтук иш, суроо-жооп форматтары аркылуу студенттер чыгарманын мазмунун терең талдап, үй-бүлөлүк баалуулуктардын маңызын кеңири ачып бере алышты. Айрыкча, сабакта үй-бүлө — адам турмушунун негизи экендиги, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиленин ыйыктыгы жана руханий баалуулуктардын орду өзгөчө баса белгиленди. Камчы кызы Бурулай ар бир студенттин оюн угуп, алардын эркин пикир билдирүүсүнө шарт түзүп, сабакты жандуу жана мазмундуу өткөрө алды. Бул ачык сабак педагогдун кесипкөйлүгүн, чыгармачыл мамилесин жана окутуудагы инновациялык ыкмаларды ийгиликтүү колдонгондугун даана көрсөттү. Мындай сабактар келечектеги адистердин билим деңгээлин жогорулатып гана тим болбостон, алардын инсандык өнүгүүсүнө да чоң салым кошот. Жыйынтыгында, сабак катышуучулар жана байкоочулар тарабынан жогору бааланып, «Заманбап окутуучу–2026» сынагынын алкагындагы мыкты сабактардын бири катары белгиленди.