2026-04-17 11:20:28 35
STEM инновациялык колледжинин Информациялык технологиялар бөлүмүнүн ТОСВТ жана информациялык дисциплиналар циклынын “Колдонмо информатика” жана “АСОИУ” адистиктеринин бүтүрүүчү курстары 2026-жылдагы өндүрүштүк практикасына чыгарылган: ПИЭ: 30.03.2026 – 25.04.2026 ТОСВТ: 30.03.2026 – 08.05.2026 АСОИУ: 13.04.2026– 08.05.2026 Практиканын жүрүшүн текшерүү максатында колледждин практика жетекчиси Касымова З., бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М., Молдалиева Ж. жана башка пр.жетекчилер биргеликте төмөнкү ишканаларга барып, студенттердин абалы менен жеринен таанышып келишти. Сапар маалында студенттердин иш орду, аткарып жаткан тапшырмалары, көндүмдөрдүн өнүгүү деңгээли жана практика программасына шайкештиги текшерилди. Ошондой эле аларга тиешелүү эреже-талаптар, милдеттер жөнүндө кошумча маалымат берилип, студенттердин суроолоруна кеңири жооптор берилди.