STEM инновациялык колледжи ишембиликке активдүү катышты

2026-03-14 10:25:03 53

14-мартта Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган «Жазгы үч айлык» акциясынын алкагында ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке окуу жайдын институттарынын, факультеттеринин жана коллеждеринин, анын ичинде STEM инновациялык колледжинин окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери катышты. Алар университеттин аймагын тазалоо иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө айлана-чөйрөнү тазалоо, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин буйругуна ылайык 14-марттан 16-майга чейин кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын аймактарында санитардык тазалоо, көрктөндүрүү боюнча ишембиликтерди уюштуруу тапшырмасы берилген.