2025-12-10 09:00:23 119
*ОшМУ "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагы менен кызматташууда* 2025-жылдын 4–5-декабрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин ректору, ф.-м.и.д., профессор Кудайберди Кожобеков башында турган делегация Россия Федерациясынын Татарстан Республикасында жайгашкан “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагына иш сапары менен барып келишти. Делегациянын курамында ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна да болуп, ал аталган аймактагы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышты. Иш сапардын алкагында “Алабуга Политех”, “Алабуга Старт” сыяктуу билим берүү борборлору менен кызматташуу, студенттер үчүн өндүрүштүк практика, академиялык мобилдүүлүк жана жумуш менен камсыздоо маселелери каралып, эки тараптуу меморандумга кол коюлду. Бул кызматташтык STEM инновациялык колледжинин студенттерине заманбап өндүрүштө тажрыйба топтоо жана келечектүү ишке орношууга өбөлгө болот.