2025-12-09 09:39:33 51
2025-жылдын 8-декабрь күнү ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин ИКД циклынын окутуучулары Дуйшеев Нооруз, Абдималик кызы Нуржан, Маматкалыл кызы Бурул, Саитов Алимбай, Осмоналиева Нургиза АСОИУ жана Колдонмо информатика (тармактар боюнча) адистигинде билим алып жаткан 1-2- курстун студенттери АСс9-3-24, АСс9-1-23, АСс-1-25, ПИЭс9-2-24, ПИЭс9-4-24 тайпаларын Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" компаниясына, Ош унаа базарына жана ошондой эле ОшМУнун 12-кесиптик лицейинин "Робототехника жана Жасалма интелект" адистигине экскурсияга алып барышты. Экскурсияда ишканалардын структуралык түзүлүшү, иштөө тартиби, материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Экскурсиянын максаты- окуу жай менен өндүрүштү байланыштыруу жана студенттердин окуу-таанышуу практикасынын алдында ишканалар менен таанышып, теорияда алган билимин практика менен айкалыштырып бышыктоо болду.