STEM инновациялык колледжинин окутуучусу эл аралык мелдеште ийгилик жаратты

2025-10-07 05:32:26 39

STEM инновациялык колледжинин окутуучусу эл аралык мелдеште ийгилик жаратты Ош шаарынын күнүнө карата өткөн улуттук күрөш — кулатуу боюнча, кулатуунун негиздоочусу Т.Турусбековдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул ири спорттук иш-чарага өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан мыкты спортчулар катышып, күч сынашты. Жарыштын жыйынтыгында STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Бакыт уулу Сардалбек мыкты даярдыгын көрсөтүп, жогорку чеберчилиги менен айырмаланып, экинчи орунду камсыздады. Бул жетишкендик — колледж жамааты үчүн сыймык, окутуучулардын дене тарбия жана спортко болгон кызыгуусунун жогору экенин далилдеген дагы бир ири жетишкендик болуп саналат. STEM инновациялык колледжинин жамааты Бакыт уулу Сардалбекти чын ыкластуу куттуктап, ага мындан аркы спорттук жана кесиптик иштеринде чоң ийгиликтерди каалайт!