Кыргыз тили - улуттун жүрөгү!

2025-09-25 03:57:45 88

Кыргыз тили - улуттун жүрөгү! Бүгүн 2025-жылдын 24-сентябрь күнү STEM инновациялык колледжинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 36 жылдыгына арналган чоң салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарада студенттер жана окутуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа көрүүчүлөргө сунушталып, мамлекеттик тилдин коомубуздагы орду жана мааниси ар тараптуу даңазаланды. Салтанаттын жүрүшүндө колледждин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик тил – улуттук биримдикти, мекенчилдикти жана руханий байлыгыбызды чагылдырган эң башкы баалуулук экенин белгиледи. Ошондой эле тилди ар бир жаран сүйүп, күнүмдүк жашоодо активдүү колдонуу – мекенге болгон чыныгы сыймык экенин белгилеп, бул иш-чараны демилгелеген колледждеги кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген окутуучуларга ыраазычылыгын билдирип өттү Иш-чарага STEM инновациялык колледжинин бөлүм башчылары, окутуучулар жана студенттер катышып, майрамдык маанайда жыйынтыкталды.