2025-03-28 11:56:47 41
Т: “Ветеринария” адистигинин студенттери өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү аякташты. 2025-жылдын 26.03. 2025 күнү STEM инновациялык колледжинин "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүнүн "Ветеринария" адистигинде окуган ВТс-1-23 жана ВТс-9-1-22 тайпаларынын студенттери 2024-2025-окуу жылынын 24-февралынан 22-мартына чейинки өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү өтөп келишти.Иш-чарага колледждин практика жетекчиси Касымова Зуура, "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Б.С. жана "Ветеринария" адистигинин окутуучулары катышты. Практика жетекчиси, б.и.к, доцент Халмурзаев А. Н. студенттер теориялык билимдерин практикада колдонгонун айтып, айрыкча Каракол шаары жана башка аймактарда тажырыйба жүргүзгөндүгүн белгиледи. Студенттер айыл чарба жаныбарларынын илдеттерин алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо боюнча иштерди аткарышкандыгын баяндашты. "Ветеринария" адистигинин практика жетекчилери Т. Ормонкулов жана Н. Калинникова, студенттер практиканы ийгиликтүү өткөргөнүн, отчётторду өз убагында тапшырганын белгилеп, студенттердин окууларына ийгилик каалашты.