“Ветеринария” адистигинде “Устат-шакирт” иш-чарасы өткөрүлдү

2025-03-28 11:46:09 29

2025-жылдын 25-мартында ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүндө "Ветеринария" адистигинин студенттери үчүн "Устат-шакирт" темасында иш чара уюштурулду. Иш чарага "Ветеринария" адистигинин студенттери, окутуучулары жана бүтүрүүчүлөр катышты. Иш чаранын башында "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Байсал Салиевич "Устат-шакирт" таалим-тарбия процессиндеги маанилүү ролун айтып, катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Андан кийин "Ветеринария" адистигинин программа жетекчиси А. Халмурзаев "Менин педагогикалык табылгам" деген темада өзүнүн ийгиликтери, студенттерге берген билимдери жөнүндө баяндады. Ал:"Мен сыймыктана айта алам, биздин бүтүрүүчүлөр бүгүн чоң ийгиликтерге жетишип жатышат!" ошондой эле, STEM инновациялык колледжинин "Ветеринария" бөлүмүнүн 2023-жылкы бүтүрүүчүлөрү – Кызыл-Кыя шаарындагы ветеринардык клиниканын жетекчиси Уразбаев Максат жана Рыскулов Эрболот менен тааныштырып өттү. Иш чаранын жүрүшүндө. Уразбаев Максат алгач STEM инновациялык колледжининде окуган кездеги өзүнүн билимин тажырыйбасын бөлүштү: Каракол шаарындагы "Эко Вет, Келечек" ветеринардык клиникасында өндүрүштүк практикадан баштаган жолун ошондой эле катышкан семинарлар жана сынактар боюнча айтып, 2023-жылы Өзгөн шаарында ценуроз операциясын ийгиликтүү жасоо сыяктуу кесиптик ийгиликтери жөнүндө баяндады.Иш чаранын аягында Уразбаев Максат менен Рыскулов Эрлболот биздин мындан аркы жакын өнөктөшүбүз, стейкхолдер катары биз менен иштешип, студенттерди практика учурунда үйрөтүп, кесиптик тажырыйбаларын бөлүшкөнү үчүн чоң ыраазычылык билдиришти. STEM инновациялык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн Коомдук фондун ачуу менен кийинки муундагы ветеринардык студенттерге, жаш адистерге жардамдарды көрсотүүнү колго алууну макулдашышышты.