2025-03-28 11:36:18 51
Ветеринария адистигинде "Эхинококкоз оорусунун алдын алуу жана күрөшүү чаралары"боюнча конок лекция өттү. 2025-жылдын 25-мартында ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүндө "Ветеринария" адистигиндеги студенттери жана окутуучулар (Т. Ормонкулов, Н. Калинникова, Ы. Сыдык кызы ж.б.) катышты. Иш чаранын башында бөлүм башчысы Сатыбалдиев Байсал Салиевич сөз сүйлөп келген лекторго ыраазычылык билдирди. Андан кийин "Ветеринария" адистигинин программа жетекчиси А. Халмурзаев лекторду тааныштырып, бүгүнкү күндө эхинококкоз оорусунун кооптуулугу жөнүндө баяндама болорун айтты. Лекцияны коногу Ден соолукту чыңдоо борборунун Түштүк филиалынын дарыгери Турдубай кызы Нуржамал болду. Ал эхинококкоздун Кыргызстанда кеңири таралышы, алгачкы белгилери жана сактануу чаралары жөнүндө төмөнкүлөрдү баса белгиледи. Улуттук статистика боюнча Кыргызстанда 10 миң 466 учур катталган; Эң көп катталган Нарын облусунда байкалган. Иш чаранын жыйынтыгында оорунун алдын алуу үчүн гигиенанын, ветеринариялык көзөмөлдүн жана элдик саламаттыкты сактоо чараларынын маанилүү экендигин айтып, студенттерге эхинококкоздон сактануу жолдорун, ошондой эле анын бүгүнкү күндөгү кооптуулугун баса белгилеп өттү. Студенттер оздөрүнүн кызыккан суроолоруна лектордон жооп алышты.