“Ветеринария” адистиги боюнча конок лекция өткөрүлдү

2025-03-28 11:28:14 32

2025-жылдын 24-мартында ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүндө "Ветеринария" адистигинин студенттери жана окутуучулары үчүн конок лекция өткөрүлдү."Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Байсал Салиевич жана"Ветеринария" адистигинин программа жетекчиси А. Халмурзаев келген конокторго ыраазычылык билдирип, адистик жана өнүктүрүү маселелери боюнча айтып келген конокту тааныштырып өттү. Лекцияга Узбекистандын Андижан айыл чарба жана агротехнология институтунун "Ветеринария" адистигинин окутуучусу Турахонов Махмудхужа Холхижанович болду. Ал студенттерге: Ветеринария илиминин бүгүнкү дүйнөлүк тенденцияларын, өзүнүн илимий-изилдөөлөрүн жана практикалык тажырыйбаларын, жаныбарлардын Тейлериоз оорусу туурасында, аны жеңил айыктыруужолдору туупасында айтып өттү. Жыйынтыгында лектор, эки өлкөнүн ветеринария адистеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатында, STEM колледжинин студенттери менен окутуучуларын Өзбекистандын Мархамат айыл чарба техникумуна жана Андижан айыл чарба институтуна тажырыйба алмашуу максатында барууну сунуштады. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.