Студенттердин окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыгы боюнча конференция өткөрүлдү

2025-03-28 10:51:40 22

Профессионалдык дициплиналар бөлүмүнүн "Колдонмо геодезия" жана "Туризм" адистиктеринин 11 база 1-курс жана 9 база 2-курстарынын студенттеринин 2 жумалык окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга бөлүм башчы Б.С. Сатыбалдиев, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова, бөлүмдүн практика жетекчилери Токтосунов Жумаш агай Боронов С. Абдиев Б. жана 3-курстардын студенттери катышышты. Студенттер практикадан өзгөчө шыктануу менен кайтып келип, өздөрүнүн отчётторун мыкты деңгээлде тапшырышты. Бөлүм башчы жана практика жетекчилер сөзгө чыгып студенттерге өз каалоо тилектерин билдиришти.