ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин өкүлдөрү HBF 2025 форумунда

2025-03-28 04:59:53 28

ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин өкүлдөрү HBF 2025 форумуна катышып кайтышты 2025-жылдын 25-26-февралында өткөн Hotel Business Forum (HBF) иш-чарасына ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин Эл аралык байланыштар боюнча директордун орун басары Орунбаев Манасбек Сулайманович жана Илимий иштер боюнча орун басары Абдиев Бектурсун мырза катышып кайтышты. Форумдун негизги темасы "Инновациялар жана туруктуулук: Гостеприимдик индустриясындагы жаңы технологиялар" болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Туризм, экология, тейлөө кызматтарын санариптештирүү, MICE, билим берүү жана кадрлар маселелери кеңири талкууланды. Форумдун алкагында пленардык жана панелдик сессиялар өтүп, дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ошондой эле, HoReCa сегменти үчүн уюштурулган B2B көргөзмөсү заманбап жабдууларды, мейманкана кызматтарын жана башка инновациялык чечимдерди сунуштады. Бул иш-чара ОшМУнун STEM инновациялык колледжи үчүн эл аралык тажрыйба алмашуу жана мейманкана индустриясынын учурдагы тенденцияларын изилдөө үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Форумда жаңы байланыштар түзүлүп, келечектеги кызматташтык боюнча маанилүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.