2025-03-20 11:06:34 111
19-март 2025: STEM Инновациялык Колледжинде Ноорузга Карата Сармерден 19-март күнү STEM Инновациялык Колледжинде Нооруз майрамына арналган өзгөчө маданий иш-чара – агай-эжекелердин ортосундагы “Сармерден” оюн-зоок кечеси болуп өттү. Бул майрамдык кечеде устаттарыбыз кыргыз элинин байыркы салт-санаасын даңазалап, комуз күүлөрү жаңырып, ыр-күү, тамашалар коштогон шаңдуу маанай тартууланды. Оюндун жүрүшүндө агай-эжекелер бири-бирине таасирлүү сөздөрүн арнап, тамашалуу суроо-жооптор менен өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле, дастан айтылып, макал-лакаптар айтылып, жандуу дебаттар орун алды. Бул иш-чара биримдикти, достукту бекемдеп, Нооруз майрамына кошумча шаң тартуулады. Колледж жамааты мындай маданий иш-чараларды өткөрүүнү салтка айлантып, улуттук баалуулуктарды сактоо жана жаш муунга өрнөк болуу максатын көздөйт. Нооруз ар бир үйгө кут, ырыс, бакыт алып келсин!