ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде интеллектуалдык акыл таймаш өттү

2025-03-14 10:52:25 98

2025-жылдын 14-март күнү ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын окутуучулары Салиева Нуриза жана Аманова Гүлмайрам 1-курстар арасында интеллектуалдык акыл таймаш уюштурушуп, 7 команда, жалпы 42 студент катышышты. "КОМПАС" командасы 1-орун, "ЭРУДИТ"командасы 2-орун, "БИРИМДИК" командасы 3-орун, "ШЫК ОРДО" командасы 4-орунду ээлеп, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан тышкары ар бир командага кызыктыруучу белектер жана активдүү катышуучусуна "МЫКТЫ ТАПКЫЧ" номинациясы менен грамоталар тапшырылды. Калыстар тобу болуп директордун орун басары: Сулайман уулу Заирбек, Маматислам уулу Илим жана окутуучу Капарова Айжамал шайланды. Катышкан студенттердин окууларына ийгилик жана изденүүчүлүктөрдү каалайбыз.