“Аялдын үнү адабиятта” – адабий кече

2025-03-11 11:52:13 79

11.03.2025 СТЕМ инновациялык колледжинде, коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары Нышанова Жазгүл, Жалалова Дамира, Райимбердиева Чолпон, Ажибаева Фазира Эл аралык аялдар күнүнө арналган иш-чара өткөрүштү. Уюштуруучулар бул адабий кечени “Эхо женского голоса в литературе” деп аташты. Студенттер чыгармалардагы аял образдарынын галереясын, монологдорду, каттарды жана каармандар тууралуу ырларды тартуулашты. Кеченин коноктору колледждин директору Абдылакимова Б. жана окутуучулар болушту. Конокторго М. Цветаеванын ырларына жазылган обон менен коштолуп, гүлдөр тартууланды.