Кесипкөйлүккө болгон алгачкы кадам

2025-03-11 11:32:39 89

2025-жылдын 7-мартында STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн ветеринария адистигинде окуган ВТс9-1-23 жана ВТс-1-24 тайпасынын студенттери 2024-2025-окуу жылынын 10-февралынан 24-февралына чейин окуу таанышуу практикасын өтүштү. Практиканын аягында студенттердин отчетторун кабыл алуу иш чарасы уюштурулду. Иш чарада студенттер теориялык билимдерин практикада колдонуп, айыл чарба жаныбарларынын илдеттерин алдын алуу жана дарылоо боюнча аткарган иштери жөнүндө баяндашты. Отчет берүү процессине 1-курстун студенттери катышып, ветеринардык тажрыйбаларга таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Студенттер өздөрүнүн иштери жөнүндө баяндап, суроолорго жооп беришти. Иш чарага колледждин практика боюнча адиси Касымова Зуура катышып, студенттердин күндөлүктөрдүн туура жана өз убагында толтурушун карап чыкты. Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Б.С. жана ветеринария адистигинин практика жетекчиси, б.и.к. доцент А. Халмурзаев катышып, иш чарада студенттердин практика учурнда жасаган иштери менен таанышып чыгып, түзүлгөн келишимдин негизинде студенттер таанышуу практикасын өтөп келишкендигин, ошондой эле айыл чарба жаныбарларын заманбап ыкмалар менен диагностикалоо, дарылоо иштерин жүргүзүп келишкендигин баса белгилешти. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Ветеринария адистигинин окутуучулары А. Халмурзаев, Т. Ормонкулов, Н. Калинникова жана Сыдык кызы Ы. иш чарага катышты.