2025-03-05 11:45:29 92
Студенттер "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде. 2025-жылдын 4-март күнү STEM инновациялык колледжинин "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүнүн окутуучулары Сыдык кызы Ыкыбал жана Мамырбекова Айпери Ветеринария адистигинин ВТс-9-1-24 топтун студенттери менен бирге "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине барышты. Сабактын практикалык бөлүгүндө "Жайыттардын негиздери" жана "География" сабактары боюнча "Кыргызстандын коруктары жана жаныбарлары", ошондой эле Кыргызстандын түштүк аймагында жашаган жаныбарлардын картасы, "Сулайман-Тоодо" кыштоочу канаттуулар жана башка жаныбарлар, улуттук коруктар жана жаратылыш парктары менен таанышты. Студенттер теориялык билимдерин практика жүзүндө айкалыштырып, түшүнбөгөн суроолоруна жооп алышты. Студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду