"Окуу-таанышуу практикасы боюнча конференция"

2024-12-03 15:38:46 25

02.12.2024-ж. STEM инновациялык колледжинде "230110 ТОСВТиКС" адистигинин 2-курсунун студенттерин окуу планына ылайык алгачкы окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү боюнча конференция болуп өттү. Конференцияга колледждин директору Абдылакимова Б. К., Информациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Сатаров А. Э., колледждин окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Маликова Н. П. жана колледждин практика боюнча жетекчиси Касымова З., ошондой эле бөлүмдүн окутуучулары катышты. Конференцияда практика боюнча инструктаж, эреже-талаптар, милдеттер жана калыптандырылуучу компетенциялар менен тааныштырышып, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Окуу-таанышуу практикасы 02.12.2024-ж. - 14.12.2024-ж. аралыгында 2 жумалык мөөнөттө, бөлүмдөн бекитилген практика жетекчилери, окутуучулар жана ишкана-мекемелердеги бекитилген адистердин кеп-кеңеши жана көзөмөлүндө жүргүзүлөт.