2024-11-22 05:01:14 105
2024-жылдын 19-21-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин, STEM инновациялык колледжинин окутуучулар курамы Өзбекстан Республикасына Маргулан туризм техникумунун чакыруусу менен иш сапары менен барышты. 20-ноябрда Кокон шаарында туризмди өнүктүрүү, мамлекеттик мекемелердин, билим берүү уюмдарынын жана жеке туристтик ишканалардын биргелешкен иштөө стратегиясына арналган семинар-тренинг өткөрүлдү. Сапардын алкагында эки окуу жайдын өкүлдөрү 3 жылдык кызматташуу планын иштеп чыгышты, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: 1. Студенттердин кыска мөөнөттүү алмашуусу. 2. Туризм тармагындагы адистердин тажрыйба алмашуусу. 3. Биргелешкен лекцияларды жана семинарларды өткөрүү. Ош мамлекеттик университетинин делегациясын STEM инновациялык колледжинин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна жетектеди. Делегация курамына төмөнкүлөр кирди: Сарыков Рысбек Базарбаевич - окуу иштери боюнча директордун орун басары; Халмурзаев Абдурашит Назирбекович - илимий иштер боюнча директордун орун басары; Маматислам уулу Илимбек - тарбия иштери боюнча директордун орун басары; Абдиев Бектурсун Исламидинович - окутуучу; Асанбеков Эрлан Женишович - окутуучу; Азизбек уулу Илимбек - студент. Бул иш сапар Кыргызстан менен Өзбекстандын билим берүү жана туризм тармагындагы эл аралык кызматташуусун бекемдөөдө маанилүү кадам болду.