Окуу-өндүрүштүк практика боюнча отчеттор кабыл алынды

2024-11-21 04:59:16 28

Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн "Ветеринария", "Колдонмо геодезия" жана "Туризм" адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин 4 жумалык окуу-өндүрүштүк практикасынын отчетторун кабыл алуу конференциясы болуп өттү. Конференцияга бөлүм башчы Б.С.Сатыбалдыев, колледждин практика жетекчиси З.Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчилери А.Халмурзаев, Т.Ормонкулов, Р. Сарыков, С.Боронов жана 1-2-курстардын студенттери катышышты.