2024-11-20 14:03:11 49
АСОИУ жана ПИ адистигинин студенттери 2024-2025-окуу жылынын 18-ноябрынан 14-декабрына чейин окуу-өндүрүштүк практикаларын ар түрдүү мекемелерде өтүп жатышат. Алар төмөнкү уюмдарда өз адистиктери боюнча тажрыйба топтошууда: - Ош шаардык мэриясы, - "Ош-Заман" жарнак борбору, - Жарнак полиграфиясы, - Өзгөн шаарындагы Кыргызстан банкы, - Бакай банкы, - FINCA банкы, - Бай Түшүм банкы. Практика учурунда студенттер окутуучулар менен тыгыз байланышта болуп, өздөрүнүн теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонуу жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Бул тажрыйба алар үчүн кесиптик жактан өсүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Студенттерге ийгиликтерди жана өндүрүштүк практикадан жигердүү натыйжаларды каалайбыз!