STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Абдымомунова Буниса Аметжановна жана Жусуева Бурулкан Турабаевна “Мекенди коргоочулар” коомдук уюуму тарабынан “За заслуги” медалы менен сыйланышты

2024-05-15 07:34:09 31

2024-жылдын 13-май күнү жаштарга билим берүүдө, патриоттуулук духта тарбия берүүдөгү синирген эмгеги үчүн, жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Абдымомунова Буниса Аметжановна жана Жусуева Бурулкан Турабаевна “Мекенди коргоочулар” коомдук уюуму тарабынан “За заслуги” медалы менен сыйланышты. Медаль менен сыйлоо учурунда коомдук уюмдун борбордук уюмунан жана Ош облусттук бөлүмүнөн өкүлдөрү келип, STEM инновациялык колледждин жамаатынын алдында салтанаттуу тапшырышты. Колледждин директору ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна куттуктоо, сөз сүйлөп, мындан кийинки иштерине ийгилик каалап, келген конокторго колледждин жамаатынан ыраазычылык билдирди. Кызматташууга даярдыгын айтышты. Сыйлыгыңыздар менен куттуктайбыз.