Илимий жумалыктын алкагында 24-апрель күнү ветеринария адистигинде мышыкка операция жасалды

2024-04-29 04:03:50 32

SCIENCE WEEK 2024-жылдын 22-апрелинен 27-апрелине чейин ОшМУнун 85-жылдыгына карата STEM инновациялык колледжинде “SCIENCE WEEK” илимий жумалыгы өткөрүлдү. Илимий жумалыктын алкагында 24-апрель күнү ветеринария адистигинде мышыкка операция жасалды. Өлкөбүздө адамдардын, мектеп окуучуларынын арасында Эхинококкоз оорусунун жайылып бара жаткандыгынын алдын алуу максатында, жолбун ит, мышыктардын санынын кескин көбөйүүсүн көзөмөлдөө максатында, жүргүзүлүп жаткан иш чаралардын бири, Польшалык практикалык ветеринарлар менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан стерилизация жана кастрация иштерин STEM инновациялык колледжинин студенттери улантып келишүүдө. Операциянын хирургу, Втс9-1-21 тайпасынын студенти Тажибаев Эркин, ассистент анестезиолог Втс1-22 тайпасынын студенти Саматов Ысламали, операция жасашты. Операция ийгиликтүү өтүп жаныбардын ээси терең ыраазычылык билдирди.