Химиянын сырдуу дүйнөсүнөн бир нече кызыктуу тажрыйбалардан мастер-класс болуп өттү

2024-04-09 04:08:04 32

STEM WEEK. Сатиев Баймырза, Токтосунова Нурайым, Ормонова Сайкал, Саттаралиев Мухамедали менен биргеликте Химиянын сырдуу дүйнөсүнөн бир нече кызыктуу тажрыйбалардан мастер-класс өтүп беришти 2024-жылдын 3-апрель күнү ОшМУнун 85-жылдыгына арналган STEM инновациялык колледжинин "Imagine your future in STEM" аталышындагы STEM WEEK жумалыгынын алкагында Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн химия предметинин окутуучусу Осмонова Айтгул ТМс-9-1-23 тайпасынын студенттери Сатиев Баймырза, Токтосунова Нурайым, Ормонова Сайкал, Саттаралиев Мухамедали менен биргеликте Химиянын сырдуу дүйнөсүнөн бир нече кызыктуу тажрыйбалардан мастер-класс өтүп беришти. Бул иш чаранын максаты студенттерди илимге кызыктыруу жана практикалык иш аракеттерди өз алдынча аткарып көрүү болуп саналат. Мастер-класс абдан кызыктуу болду, катышкан студенттерге жана Айтгул Абдирашитовнага ыраазычылык билдиребиз.