STEM жумалыгынын ачылышы болуп ɵттү

2024-04-03 11:51:31 41

ОшМУнун 85 жылдыгына арналган "IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM" аттуу колледжибизде 2024-жылдын 2-апрелинде STEM жумалыгынын ачылышы болуп ɵттү. Жумалыктын ачылышы ыр, бийлер менен коштолуп, адистиктер арасында шахмат өткөрүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду РМТс9-1-22 тайпасынын студенти Бекмуратов Бекназар багындырды, ал эми 2-орунду ПИЭс9-5-23 тайпасынын студенти Нурмухаммадов Мухаммадали ээледи. Жалпысынан 10 адистик боюнча студенттер катышып 3 – орунду ТОСВТ9-1-23 тайпасынын студенти Тиленчиев Мурат ээледи.